Turmush — Администртивдик-аймактык реформадан кийин Чүй облусунун Сокулук районундагы 19 айыл аймак биригип, 9 айыл аймак болуп өзгөрдү. Эки айыл аймак Бишкек шаарынын курамына өттү.
9 айыл аймактын ичинен Военно-Антоновка жана Гавриловка айыл өкмөт башчылары кызмат орундарында калды.
Калган 7 айыл аймактын жаңы айыл өкмөт башчылары дайындалды. Аймактык кабарчы айыл өкмөт башчыларынын тизмесин тактады.
Сокулук айыл аймагы:
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Эдигеев Жеңишбек Кубанычбекович дайындалды. Ал 1986-жылы 9-майда Сокулук районуна караштуу Биринчи май айылында туулган (37 жашта). 2017-жылдан бери Крупская айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.
Жеңишбек Эдигеев
Сары-Өзөн айыл аймагы:
Сары-Өзөн айыл өкмөт башчысы болуп Сагынбеков Алтынбек Маршалович дайындалды. Ал 1986-жылы 4-февралда Сокулук районунун Белек айылында туулган (37 жашта). 2023-жылдын сентябрь айынан бери Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.
Алтынбек Сагынбеков
Кайназарова айыл аймагы:
Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Жумашалиев Айдарбек Кубанычбекович дайындалды. Ал 1978-жылы Сокулук районунун Октябрь айылында туулган (45 жашта). 2022-жылдан бери Төш-Булак айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.
Айдарбек Жумашалиев
Күн-Туу айыл аймагы:
Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Сартпаев Эдик Өмүрзакович дайындалды. Ал 1978-жылы Сокулук районунун Түз айылында туулган (45 жашта). 2022-жылдын февраль айынан бери Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.
Эдик Сартпаев
Жаңы-Пахта айыл аймагы:
Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Абдыкеримов Максат Кадырбекович дайындалды. Ал 1986-жылы 30-октябрда Панфилов районунун Келечек айылында туулган (37 жашта). 2021-жылдан бери айыл өкмөт башчысы болуп эмгектенип келген.
Максат Абдыкеримов
Төмөнкү-Чүй айыл аймагы:
Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевич дайындалды. Ал 1965-жылы 12-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Кыш-Абад айылында туулган (58 жашта). 2022-жылдын 11-апрелинен тарта Ат-Башы айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.
Жолдошали Мусурманкулов
Манас айыл аймагы:
Манас айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Байысбек уулу Бекбий дайындалды. Ал 1991-жылы 1-февралда Жалал-Абад облусунда туулган (32 жашта). 2021-жылдан бери Фрунзе айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.
Бекбий Байысбек уулу
Гавриловка айыл аймагы (өзгөртүүсүз калтырылган аймак):
Айыл өкмөт башчысы Үмөталиев Тилектеш Токтоболотович, 42 жашта. Бул кызматка 2023-жылдын 12-декабрында дайындалган. 2019-2023-жылдары Крупская айыл өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеген.
Военно-Антоновка айыл аймагы (өзгөртүүсүз калтырылган аймак):
Айыл өкмөт башчысы Садыков Расулбек Торокелдиевич, 1983-жылы 16-февралда Сокулук районунун Ак-Жол айылында туулган (40 жашта). Бул кызматта 2020-жылдын 21-февралынан бери эмгектенип келет.
Расулбек Садыков
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.