Таза, чыныгы сүйүү эч качан өлбөйт деп айтылат. Бирок ошентсе да жашоодо ар кандай нерселерден улам сүйүктүүң менен ажырашуу болуп калаарын көпчүлүк билет. Катуу сүйгөн адам таштап кетсе, ажырашуу болгондо андан ары кантип жашоону билбегендер өлүмгө баргысы келет, жашоосу токтоп калгандай сезилет. Баардыгына кайдыгер болуп, жарык нур да караңгы болуп көрүнөт. Анткени, сүйгөн адам анын жашоосунда абдан чоң роль ойночу, жашоосунун маңызы эле. Бирок кантип аны таштап кетти? Сүйүү ошону менен өчтүбү? Мен ага сүйүүмдү далилдеш үчүн кандай гана жакшылыктарды кылбадым деген ой ар бир адамга келет. Экөөнүн жакшы күндөрүн эстейт, ыйлайт, кайгырат. Ошол кезде эмне кылуу керек? Сүйгөнүн унутайын деп аракет кылса да ал эсинен кетпей туруп алат. Мындай учурда психологдор абдан жакшы кеңешин берет.
Сүйгөн адамды кантип унутуу керек?
Албетте, ажырашуу эч качан жеңил болбойт. Өзгөчө буга чейин эки адамдын ортосундагы мамиле абдан тыгыз болуп, бири бирине көнүп алса андан да оор. Сүйгөн адамды унутуу үчүн убакыт талап кылынат. Аны күтөсүз, чыдайсыз, ишенесиз, бирок баарыбир келбейт…
Себебин түшүнүңүз
Ачууңуз келип жатабы? Таарынычыңыз күчпү? Депрессиядасызбы? Эң негизгиси ушундай абалыңызда ажырашуунун себебин иликтеп, түшүнүүгө аракеттениңиз.
Ортодо сүйүү өчкөнүн кабыл алыңыз
Экөөңөрдүн ортоңордогу мамиле эч качан биригиши мүмкүн эмес экенин түшүнүз. Анүчүн ачууңузду колго алып, негативдүү эмоцияңызды жоготууга аракет жасаңыз. Эгер өзүңүздү алдай берсеңиз эч качан кайгы кападан арыла албайсыз.
Ага телефон чалба!
Ал адамды унуткуңуз келсе интернеттеги социялдык желедеги досторуңуздун катарынан чийип салыңыз.Албетте, ага эч качан телефон чалбаңыз, номерин да өчүрүп салыңыз. Жүрөгүмдөн, көзүмдөн алыс болсун деген принципти колдонуңуз. Эгер телефондон, социалдык желеден аны көрбөсөңүз азыраак эстей баштайсыз.
Башкалар жөнүндө ойлонуңуз!
Силердин мамилеңер үзүлдү, бирок болбой эле оюңан кетпей жатабы? Аны эстебегенге аракет кыл. Эгер эсиңизге түшө баштаса башканы ойлогонго аракет жаса, мен аны ойлобошум, эстебешим керек де. Сүйгөнүңүз эсиңизге түшө баштаганда эле башка адамды эстеңиз. Мисалы, сиздин курбуңуз, тууганыңыз, же ата-энеңиз, досуңуз болсо деле болот.
Ал адамды унутууга милдеттүүсүз
Азыр ал адам сиздин мурунку сүйгөнүңүз болушу керек. Демек ал адам жашооңуздагы эң жакын сүйгөнүңүз эмес. Атүгүл ал сиздин эң жакын он адамыңыздын катарына да кирбейт. Бул сиздин кайгыңызды жеңилдетет, өзүңүздү колго албасаңыз, башка эч ким сизге жардам бере албасын билиңиз.
Өзүңүзгө көңүл буруңуз
Сүйүүдөн ажырадым, болду деп өзүңүздү карабай таштап, сиз өзүңүздү өзүңүз сүйбөсөңүз анда сизди ким сүйөт? Андан көрө көчөгө чыгып, таза абада дем алып, көбүрөөк жөө басыңыз. Аялдар бул учурда сулуулук салондоруна барып, дүкөндөргө кирип, ден соолугун, кебете кешпирин оңдосо эң сонун жардам болот. Сүйгөнүңүздү унутуу үчүн эң негизгиси позитивдүү эмоция керек. Өзүңүздүн психологияңызды позитивдүү эмоцияга бурууга аракет кылыңыз.
Досторуңуз менен байланышып тур
Сиздин туугандарыңыз, досторуңуз мындай кырдаалдан, санаадан, кайгыдан чыгара турган эң сонун топ. Алар сизди чындап жакшы көрүшөт жана кайсыл убак болбосун жардамга келишет. Андыктан алар менен мамилени үзбө.
Ишке алаксы…
Эгерде сиз ар бир күнүңүзгө түзүлгөн иш графигин жыш кылсаңыз, сүйгөнүңүз тууралуу ойлонууга да убакыт жетпейт. Көбүрөөк иштегенге аракет кылыңыз.
Өзүңүздү күнөөлөбөңүз
Сүйгөнүңүз менен ажырашууга мен күнөөлүмүн деген ойдон таптакыр алыс болушуңуз керек. Анткени мындай ажырашуу бир эле тараптан болбойт, ал да сиз да күнөөлүүсүз.
Башка сүйүү издебей туруңуз
Сүйүүсүз кантип жашайм, аны кантип унутам деп санааркаган кээ бир адамдар башка жактан сүйүү издей башташат. Ошондуктан жаңы эле сүйгөнүңүздөн ажырасаңыз тез эле башка сүйүү издеген туура эмес. Эгер башка сүйүүнү дароо эле таап алсаңыз анын түбөлүгү кыска, тез эле бүтүп калаарын унутпаңыз. Себеби, сиздин жараланып турган жүрөгүңүз мурунку сүйгөнүңүздү баарыбир эсиңизге сала берет. Андан көрө убакыт баарын дарылайт деген принципти колдонуп, ал сиздин кулк мүнөзүңүздү да калыпка салаарын эстен чыгарбаңыз.
Өзүңүздү сүйүңүз
Эң негизгиси сиз кандай болсоңуз өзүңүздү ошондой кемчилиги, артыкчылыгы менен кабыл алып, сүйүңүз.
Жогорудагы айтылган кеңештерди колдонсоңуз сүйгөнүңүздү тез арада унутууга сөзсүз жардам берет.
Эгер жогоруда айтылгандай сүйгөнүңүздү унутсаңыз кайрадан төрөлгөндөй, жаңы жашоого келгендей сезимде болосуз. Атүгүл жашооңуздагы өзгөрүүлөрдү да байкайсыз.
Албетте сүйгөнүнөн айрылуу абдан оор. Эгер ал башка адамды сүйсө аны күч менен өзүңүздү сүйдүрүүгө эч аракет жасабаңыз. Сизди таштап кеткен адамга эч качан кылчайып карабаңыз.
Сүйгөнүнөн ажыраган кээ бир эрки төмөн, алсыз адамдар аракка берилип, ичимдик ичип, чылым чегип, өзүн таштап салышат. Атүгүл андан өч алуу максатында жагымсыз окуяларга да барышат. Андан көрө чындап эле андан өч алгыңыз келсе, сизди эмне себептен таштап кеткенин иликтеңиз. Мисалы, келбетиңиз жакпай калды, же сиздин капчыгыңыз жука.
Дүйнөдөгү атагы чыккан бай, бизнес-ледилердин көпчүлүгү жаш кезинде сүйгөнү таштап кетип, ага көрүнүү үчүн колдон келген аракетин жасап, чоң ийгиликтерге жетишкенин айтышат. Мисалы, Кытайда азыркы таптагы миллиардерлердин бири мындан он чакты жыл мурун аны сүйгөн кызы таштап, бай жигитти ээрчип кеткени үчүн ага көрүнүү максатында аракеттенип, иштеп тез эле байып кеткени коомчулукка дүң болгон. Ал кытай жигит байыгандан кийин бир кездерде аны таштап кеткен кызга көрүнүү үчүн социалдык желелерге бир кинотеатрдагы кинонун бүт баардык билеттерин сатып алганын айткан.
Андыктан, сүйгөнүңүздүн таштап кетиши балким сиздин жашооңузга чоң өзгөрүү, ийгилик алып келиши ыктымал. Бирок анүчүн чоң аракет керек экенин унутпаңыз!