Түрптү гректер «Кудай жөнөткөн белек» деп баалап, алгачкылардан болуп өстүрүп пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө анын жашыл, кара өӊдөгүлөрү жана дайкон, лобо түрлөрү дүйнө элдеринде кеӊири пайдаланылып, мындан ар кандай салаттар, ысык тамактар жасалып келет. Анда бул жашылча менен жакындан таанышып алалы.
Пайдасы:
Түрптүн курамында кишинин организмине керектүү элементтердин топтому бар. Башка жашылчаларга салыштырмалуу мында минералдык туздар, йод, кальций, темир, калий жана фосфор көп. Бул элементтер кан басымды түшүрүп, жүрөк булчуӊдарын бекемдейт, кандагы канттын өлчөмүн нормалдаштырат.
Курамындагы фитоциддер мээни кычкылтек менен камсыздоого жардам берсе, каротин көздүн көрүүсүн жакшыртат.
Дарыгерлер түрптү жеӊил антибиотик катары баалашып, сасык тумоодо, бронхит, пневмонияда менюга кошууну сунушташат.
Курамында эфир майы болгондуктан шилекейди көбүрөөк бөлүп чыгарып, тамактын бат сиӊишине өбөлгө болот, табитти ачат.
Заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан дарыгерлер боорду тазалоодо жана өнөкөт гепатитте түрптөн жасалган салаттарды сунушташат.
Түрптүн 88 пайызы суудан тургандыктан калориясы аз. Андыктан арыктайм деп максат кылгандар түрп менен достошкону туура болот.
Түрптүн курамында С, РР, В, В6, В2 витаминдери бар.
Эскертүү!
Ашказан жарасы, ичеги ооруларында, гастрит, жүрөк ооруларында жана кош бойлуулар чени менен пайдаланганы дурус.
Түрптү көп өлчөмдө жеп алганда айрымдарда ич көптүрүүнү жаратат.