Пример HTML-страницы

Өзгөн районунда мал уурулукка шектелген топ кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунда мал уурулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 24-февраль күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Төрт-Көл айыл аймагынын 1972-жылы туулган М.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 21-февралдан 22-февралга караган түнү күнү үйүндөгү мал сарайынан 1 баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурулук) боюнча кылмыш иш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип, Өзгөн районунун 2004-жылы туулган М.уулу Э., 2005-жылы туулган А.уулу А. жана 2005-жылы туулган П.А. аттуу тургундары кармалып, камакка алынды.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE