Пример HTML-страницы

Нариман айыл өкмөтүндөгү эки мектепке жаңы окуу корпустары курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндөгү эки мектепке жаңы окуу корпустары курулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, район акими Турусбек Ногоев, мугалимдер жана демөөрчүлөр катышты.

Жийделик айылындагы №80 Х.Тажиматов орто мектебине демөөрчүлөр тарабынан 250 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Аталган имарат 12 класстык бөлмөдөн туруп, 39 миллион сом каражат жумшалган.

Ал эми Нурдар айылындагы №15 Х.Мирзажанов орто мектебине демөөрчүлөрдүн салымы менен 150 орундуу ашкана жана 5 класстык бөлмөдөн турган жаңы окуу корпусу курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE