Пример HTML-страницы

Москва районуна эвакуация болгон баткендик тургундар үйлөрүнө кайта башташты

Акыркы жанылыктар

TurmushТажиктердин Баткен жергесине кол салуусунан улам Чүй облусунун Москва районуна эвакуация болгон жарандар үйлөрүнө жөнөп жатышат. Бул тууралуу райондук штабдан билдирди.

«Тажиктердин Баткен жергесине кол салуусунан улам районго 473 жаран келди. Алардын ичинен 291и жаш балдар. Биз толук кандуу шарттарды түзүү менен күтүп алдык жана ар бирине райондун эли, ишкерлер тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Эми алар өз үйлөрүнө кайтып жатышат. Өткөндө 5, бүгүн 1 кичи автобус менен жөнөп кетишти. Алар үйлөрүнө акысыз жеткирилет», — деп билдиришти штабдан.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын 63 жаштагы тургуну Нурпаша Хасанова: «Мен, келиним, кудам жана 4 жаш бала менен жетөөбүз келгенбиз. Эми үйлөрүбүзгө жөнөп жатабыз. Эң негизгиси чек арабызды чечип берсе эле тынч жашоо болоруна ишенем. Биздин Кулунду айылы тынч. Кучак жайып тосуп алган Москва районунун жетекчилерине, элине ыраазычылык билдиребиз», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE