ЛИМОНДУ ТУУРА ПАЙДАЛАНУУ СЫРЛАРЫ!
Таттуу болбосо дагы лимон – адам баласы жей турган жемиштердин эң баалууларынын бири. Бул жемиш адамга күн сайын керек болгон С витаминине бай. Ошондой эле В, Р, А жана Е витаминдерин өзүнө камтып турат. Лимондун турмуш-тиричиликте керек болуучу мындан да пайдалуу сырларын билип алыңыз.
Лимон скрабы
Теринин өлгөн клеткаларын лимондун жардамы менен кетирүүгө болот. Аны менен бирге лимон – безетки, сепкилдер менен күрөшүүчү эң натыйжалуу каражат. Ошондой эле лимондон скраб жасап колдонууга болот. Ал үчүн лимондун кабыгын кыргычтан өткөрүп, ага 100 г каймакмай, 5-8 тамчы розмарин майын куясыз. Даяр болгон кошулманы териге 15-20 мүнөт коюу керек. Бул ыкманы жумасына 1-2 жолу жасаса болот.
Жүрөк айланганда
Кээде ар кандай жагымсыз жыттан улам жүрөк айланат. Бул учурда лимондон тегерек кылып бир кесим кесебиз дагы, аны оозубуздун жанына жакын алып барып турабыз. Ушинтип лимондун жытынан улам жүрөк айлануудан арылса болот.
Сасык тумоодо
Лимон менен эфир майын сасык тумоо убагында ингаляцияга колдонуу натыйжалуу. Ал үчүн 1 стакан кайнак сууга 2-3 тамчы лимондун эфир майын кошуп, 5 мүнөткө жакын аралашмадан дем алып туруу керек.
Колго кам көрүү
Лимондун ширесинин жардамы менен колдогу жагымсыз жыттардан, жууп кетирүүгө кыйын болгон тактардан арылууга болот.
Какачка каршы
Какачтан арылтуучу касиетке лимон да ээ. Ал үчүн лимондун кабыгын кыргычтан өткөрүп чачтын түптөрүнө жумасына 1-2 жолу сыйпап турабыз. Ошондой эле майлуу чачтуулар чачты жуугандан кийин лимон кошулган суу менен чайкап турса, тери кургайт.
Тамак оору жана жөтөлдө
Эгерде 2 чай кашык лимон ширеси менен жарым чай кашык балды аралаштырсаңыз, тамак оору жана жөтөлгө каршы жакшы дары жасап алган болосуз. Бул кошулманы ысык чайга кошуп ичсеңиз болот.
Кебээрден кутулуу
Сиз чайнек же кебээр пайда боло турган спиралдарды колдонсоңуз, аларда пайда болгон кебээрди тазалоо үчүн лимон ширесин куюп коюу керек. Чайнектеги сууга болсо лимон ширесин кошуп кайнатып жиберсе, баары чыгып кетет.
Таза жана жагымдуу
Лимон ширесине суу кошулган кошулма менен тактайды тазалоо менен бирге жагымсыз жыттарды да кетирүүгө болот.
Тазалоочу каражат да боло алат
Лимондун кабыгын майдалап туруп үстүнө уксус куюп, кошулманын үстүн жаап 2 жума коюп коюу керек. Бул убакта кошулма бири-бирине жакшы аралашып калат. Андан кийин ар түрдүү идиштерди тазаласа болот.
Лимон менен тоник
Лимон менен жасалган тоник бетти тазалап, дезинфекциялап, терини жашартат. Ал үчүн минералдык сууга бал менен лимон кошуп пайдалануу шарт.
Ооздогу жагымсыз жыттан арылууда
Эгерде оозуңуз жагымсыз жыттанып кыжалат кылып жиберсе, аны кетирүүнүн жолу оңой. Сууга лимондун ширесин кошобуз дагы, даяр болгон кошулманы уурттап оозду чайкайбыз. Бул ыкманы колдонгондон кийин оозду суу менен чайкайбыз, болбосо лимондун кычкылдыгы тиштин эмалына зыян.
Аары чакканда
Аары чагып алса, кызарган жерди лимон ширеси менен аарчый койсоңуз, оорусу жеңилдей түшөт.
Жыты жок муздаткыч
Бир даана лимондун кабыгынын айрым жерлерин жука кесип туруп, калган бөлүгүн муздаткычка салып койсо, ал жагымсыз жыттарды өзүнө тартып алып, муздаткычтын ичи жагымдуу жытка бөлөнөт.
Жыпар жыттуу ванна
Ваннага суу толтурганда ага пена менен бирге лимондун эфир майын кошуп алса болот. Жуунуп бүткөндөн кийин көңүлүңүз гана ачылбастан, ашыкча салмактан да арыласыз.
Лимондун жардамы менен тырмакка кам көрүү
Маникюр жасаган мастерлер лимондун жардамы менен колго кам көргөндү билип алышса жакшы болот. Бөлүнгөн жарым лимонду кесеге сыгып алып, үстүнө суу куябыз. Бул суюктукка 3-4 мүнөт тырмакты малып туруу керек. Ал эми тырмактын үстүн тазалоого лимондун кабыгын пайдаланса болот.
Курт-кумурскадан арылтат
Цитрус жемиштеринин жыты жыттанган жерге кумурска, тараканга окшогон курт-кумурскалар жолобойт. Андыктан убагы менен лимондун ширесин үйдөгү кычыктарга сүртүп коюу пайдалуу.
Даамдуу салат
Салат жасаганда зыгыр майы менен лимон ширесинен кошуп койсоңуз, салатыңыз даамдуу эле болбостон, жагымдуу да жыттанып турат.
Лимон агартуу кызматын да аткарат
Лимон кебезден жасалган кийим, сүлгүлөрдүн тагын кетирип тазартуучу да касиети бар. Кир жууган машинаны иштетерде өтө көп эмес өлчөмдөгү лимон кычкылын куюп койсо, кир таза жуулат.
Терезени жаркыратат
2 литр сууга 2 аш кашык лимон ширесин кошуп, даяр болгон кошулма менен терезени тазаласа жаркырай түшөт.