Косметология салондорунда атайын пилингдер менен кетиришет.

https://kyrgyzcha.site/?p=47134&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Косметология салондорунда атайын пилингдер менен кетиришет.

 

Химиялык пилинг. Беттин терисине, тырык, тактын канчалык көп же аз экендигине карап атайын каражат (кислота) тандалып, бетке сыйпалат. Натыйжада теринин күйгөн сырткы катмары 2-3 күндөн соң карттанып сыйрылып түшүп, ордуна жаңы тери пайда болот. Эгер бетте чуңкурлар, тырыктар терең болсо, 2 апта катары менен жасоо керек. 10 күндө бет жакшырып, тырыктар билинбей калат.

 

Лазердик пилинг. Лазер менен бет терини тереңирээк күйгүзгөн соң бет капкара болуп күйүп, анан 2-3 күндө сырткы катмары сыйрылып түшө баштайт. Жаңы тери пайда болот. Муну 1-2 ирет кайталоо жетиштүү. Натыйжасы абдан жакшы.

 

Үй шартында «Бадяга форте» деген гель бар. Аны сатып алган соң ага аллергия болобу же жокпу алгач байкап көрүү керек. Ал үчүн билекке же кулактын артына бир аз сүйкөңүз. Аллергия жок болсо кечке маал бетке сыйпап, 20 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп саласыз. Бетти кургатып, шуудуратуу менен эски клеткалардан тазалап, жаңы теринин пайда болушун шарттайт. 2 апта бою күнүгө койсоңуз бетиңиз жакшырат.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️