КОЛТУКТУН КОЛТУК ТУШТАРЫ ТЕРДЕН УЛАМ ОЗГОЧО БИЛИНИП,, АЛ АЗ КЕЛГЕНСИП ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТ ЧЫГЫП ТУРГАНЫ ЭЧ КИМГЕ ЖАКБАСА КЕРЕК . Мындай илдетке кабылгандар өзгөчө күн жылыган маалда бушайман абалга көп кездешишет. Андан кутулуунун жолун таппай жүргөндөр бул макаладан мыкты кеңештерди ала алышат.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медицина борборунун хирургу Наги Талышханов: “Кардар илдеттен биротоло кутулушу үчүн тери бездерин, майларды алып, нервдерди кесип салабыз”
– Гипергидрозду дарылоону сиздер кандай ыкма менен ишке ашырасыздар?
– Бул операцияны биз булчуң алдындагы кюретаж деп коёбуз. Себеби операция кюретаж деп аталган хирургиялык аспаптын жардамы менен жасалат. Алгач колтуктун алдына гана таасир этүүчү наркоз беребиз. Андан кийин тери бездери жайгашкан аймактарды белгилеп алабыз да, 0,5 сантиметрдей кылып бир же эки жерин кесип алабыз. Ал кесилген жерге кашыкка окшогон кюрет аспабын салып тери бездерин жана майларды алып чыгып, нервдерди кесип салабыз. Кардар операциядан кийин 3-4 саат дарыгердин көзөмөлүндө болот.
– Операция жасаган жер так болуп калбайбы?
– Операциядан кийинки так 6-8 айдын ичинде кетет.
– “Болду, өмүр бою кутулдуң” деп кепилдик бере аласыздарбы?
– Жок, кепилдик бере албайбыз. Себеби айрымдарынын нервдери калыбына келип өсүп, тери бездерине байланышса колтуктун алды кайра эле тердеп башташы мүмкүн. Бул учурда экинчи ирет операция жасоого туура келет. Ал эми кээ бирлери өмүр бою кутулат.
– Келген бейтаптардын бардыгына эле операция жасалабы?
– Келгендердин бардыгына эле жасала бербейт. Өзгөчө кант диабети, онкологиялык оорулар менен ооругандарга таптакыр жасалбайт. Ал эми сасык тумоолоп калса, айыккандан кийин жасайбыз. Операциянын баасы 200 доллардан өйдө турат.
“КОСМЕД” медициналык борборунун жетекчиси, косметолог жана дерматолог Нурмери Гаджал: “Ботоксту кыз-келиндеркөп колдонушат”
– Колтуктун тердөөсүн дарылоону канча жылдан бери жүргүзүп келесиздер?
– Ботокс ыкмасы Кыргызстанда, анын ичинен биздин клиникада 10 жылдан бери колдонулуп келе жатат. Акыркы 3 жылда ботокс колдонгондордун саны кыз-келиндер арасында көбөйдү.
– Ботокс тууралуу кенен маалымат берсеңиз.
– Терден куткаруучу ботокстун да, диспорттун да курамында ботулотоксин деген дары бар. Колтуктун алдына сайылган бул дары тер бездеринин терди бөлүп чыгаруусун токтотот. Аларды кардарга колдонуудагы минор деп аталган ыкмага кыскача токтолсом, йодду колтукка сүйкөп, анын үстүнө атайын даярдалган крахмалды 15-20 мүнөт коюп коёбуз. Терден улам жагымсыз жыт чыккан аймактар сыя-көк болуп калат. Ошол жерлерге ботокс же диспортту саябыз.
– Диспорт менен ботокстун айырмасы барбы?
– Ботокстун диспорт, ксеомин, лантокс дегендери да бар. Бардыгынын курамында ботулотоксин заты болгондуктан таасири бирдей. Булардын бири-биринен айырмасы — бири Германиядан, экинчиси Түркиядан, үчүнчүсү Кытайдан чыккан. Ар бир өлкө чыгарган дарыларына өздөрүнүн атын бергендиктен гана ар башкача аталат.
– Канча жылга жетерин айтып кепилдик бересиздерби?
– Кепилдик беребиз, терден арылтуучу бул ыкмалар 1 жылга жетет. Ашып кетсе 2 жылга, бирок андан ашпайт.
– Баасы канча турат?
– Бул дарылардын баарын чет мамлекеттерден алдырабыз, ошондуктан баасы кымбат, 10 миң сом.
– 10 миң сомдун көзүн карабай жасаткандан кийин кайра эле тердеп баштабайбы?
– Ботоксту сайдыргандан кийин гигиенаны сактабай, душка түшпөй, бирөөлөрдүн кийимин кийип жүрө берсе, кайра эле пайда болушу толук мүмкүн. Дайыма биздин кызматты колдонуп 2-3 жыл катары менен ботокс сайдырып жүргөндөрдүн аталган илдеттен таптакыр кутулгандары бар. Булар эрежелерди так жана туура аткарып жүргөндөрдөн.
– Ботокс кимдерге сунушталбайт?
– Психикалык жактан жабыркагандарга, терисинде ачык жарасы барларга, кош бойлууларга, бала эмизгендерге, онкологиялык жана кант диабети менен ооргандарга болбойт. Эскерте кетсем, ботулотоксин сайылгандан кийин ал жерди укалоого болбойт. Ийне сайдырганга чейин 3 күн, андан кийин 10 күн алкоголдук ичимдиктерди ичпеш керек.
Жагымсыз жытты кетирип, терди убактылуу жок кылган каражаттар
Антиперспирант. Бул каражаттын курамындагы органикалык алюминий тузу, цинк тердин көп иштелип чыгышына жолтоо болуп аны азайтат. Алар тери бездеринин жолдорун бүтөп 20-40 пайыз болсо дагы таасирин тийгизе алат. Бул каражат аэрозоль, айланма шарик, паста жана бет май сыяктуу суюктук түрүндө чыгат.
Салицил-цинктүү май. Май колтуктун тердешин бир азга болсо дагы азайтып, убактылуу жагымсыз жытты чыгарбай турат.
Форсаль гели. Гелди тердеген жерге сүйкөп 20 мүнөт, тагыраагы, плёнка болуп кургаганча күтүп, андан соң сыйрып туруп колтугуңузду жууп саласыз. Эми таза колтукка баланын бышарган жерине себилүүчү порошокту себелеп коёсуз. Бул ыкманы колдонгон соң 10 күнгө чейин колтук тердебейт.
Драй Драй. Мындай аталыштагы бул каражат флакондо суюктук жана кийимдин колтугуна жабыштыруучу жалпак кездеме түрүндө сатылат. Суюктук жумасына бир жолу таза колтукка жатар алдында сүйкөлөт. Ал тер чыга турган тешикчелерди кургаткандыктан колтук тердебей калат. Бирок тери бездеринин функциясы бузулбайт, болгону тер дененин башка жерлеринен чыга баштайт. Ал эми кездеме түрүндөгүсүнүн бетиндеги тунук кагазын алып, өзүн көйнөктүн колтугуна жармаштырып коёсуз. Ал ичке болгондуктан билинбейт. Бирок күн сайын алмаштырып туруу керек.
Формидрон. Кээ бирлер терден кутулуш үчүн эң арзан каражат формидронду колдонушат. Аны күнүгө эртең менен жана кечинде таза колтукка дакинин же пахтанын жардамы менен сүртөт. Формидронду узак убакыт үзгүлтүксүз колдонгондо борбордук нерв системасынын ишине, дем алуучу жана тукум улоочу органдарга терс таасирин берип, териде экземаны, жараны пайда кылат. Мындан тышкары формидрон болочокто төрөлө турган түйүлдүктү уулап, бала төрөлгөндө көзү көрбөй калуусуна алып келет.
Колтуктун теринен куткарган элдик ыкмалар
– Душка түшүп чыккан соң денени кургатпай туруп жагымсыз жыт чыккан жериңизге Теймуров пастасын сүртүңүз. Алгачкы мүнөттөрдө сүйкөгөн жериңиз муздап чыгат, бирок бул коркунучтуу деле эмес. Бул ыкманы жумасына 1-2 ирет колдонуп, сүйкөгөн соң жарым сааттан жатышыңыз керек.
– 2 литр ысык сууга 100 грамм ромашка гүлүн салып 20-30 мүнөт тыныктырасыз. Андан соң 2 аш кашык ашкана содасын кошуп жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон кошулманы саат сайын колтугуңузга сүртүп турасыз. Эгер бутуңуздагы жытты кетирүүнү кааласаңыз, анда ушул эле сууга бутуңузду салып жарым саат олтуруңуз. Бул ыкманы бир жума катары менен тынымсыз колдонуу керек.
– Грек жаңгагынын бир жалбырагын майдалап туурап аны 1 бөтөлкө аракка аралаштырып эки жума караңгы бөлмөгө коюп коёсуз. Даяр болгон соң 1 аш кашык дарыга 1 аш кашык сууну аралаштырып эртең менен жана кечинде тердеген жерди сүртүп турасыз. Колтуктун тердегени акырындык менен кетет.
Эрежелерди сактай билиңиз
– Синтетика эмес, пахтадан тигилген кийимдерди кийсеңиз тердебейсиз.
– Аптапта ысык чайды көп ичпеңиз.
– Көчөгө чыкканда антиперспирантты колдонгонду унутпаңыз.
– Күн сайын сууга түшүп, денеңизди самын менен жууп, бир аш кашык аш тузду бир чака сууга аралаштырып денеңизге куюп алыңыз.
– Ар дайым денеңизди кургак алып жүргөнгө аракет кылыңыз. Себеби нымдуу денеде бактериялар көп болот.
– Эч ким менен кийим алмашып кийбеңиз, аз убакытка да.