Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаары кечээ жана бүгүн. Архивдеги сүрөттөр

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл энергетиктер, гидрокуруучулардын шаары аталган Кара-Көл шаарынын түзүлгөнүнө 60 жыл толду. Turmush басылмасынын кабарчысы шаардын курулушуна салым кошкон инсандар жана алар күбө болгон кызыктуу окуялар тууралуу маалымат даярдады.

Маалымат топтомуна шаардын негизделиши, ГЭСтердин курулушу, гидрокуруучулардын өмүр баяны, шаардын тарыхын жараткан окуялар, эскерүүлөр жана архивдик сүрөттөр камтылган.

Кара-Көл шаарында курулган үйлөр:

Кара-Көл шаарында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын №718 аскер бөлүгү жайгашкан. Ал Кыргызстандагы, тактап айтканда Токтогул ГЭС каскады, Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭС, Таш-Көмүр ГЭС жана Шамалды-Сай ГЭСтеринин аймактарындагы маанилүү стратегиялык объекттерди коргогон жалгыз аскер бөлүгү болуп саналат.

Бул жолу Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу, эмгеги сиңирген гидрокуруучу Адыл Дарбишев шаардын курулушу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, СССРдин Энергетика министрлиги тарабынан 1962-жылы 16-июнда «Токтогул ГЭСи, Кара-Көл шаарчасы курулсун» деген буйрук чыккан.

«Ага чейин апрель айынан тартып Үч-Коргон ГЭСин курган гидроэнегокуруучулар Кара-Көл посёлогун жана ГЭСти курууга келишкен. Алар Шамалды-Сай «Нарынгидроэнергокурулуш» башкармалыгынан жөнөтүлгөн. Тактап айтканда, механизацияланган иштердин тилкесинин башчысы К.Хуриев баштаган 12 адам келип, Токтогул ГЭСин курууга алгач жол сала баштаган.

Андан кийин июль айында СССРдин Энергетика министрлигинин буйругу менен «Нарынгидроэнергокурулуш» курулуш башкармалыгынын башчысы болуп генерал-майор В.А.Поддубко жөнөтүлөт. Мурун согуштан кийин курулган объекттерге түрмөдөн мунапыс алып чыккандар жөнөтүлүп, шахталарды, чоң ГЭСтерди курууда иштешкен. Генерал Поддубко Волгодонский каналды кургандан соң Токтогул ГЭСти курууга келгенде мунапыс алып чыккан айрым жарандар келип иштегенин айтып калат.

Эми бизде дароо эле ГЭС куруу иштери башталган эмес. Анткени Кыргызстанда ГЭС куруучу адистер, буга чейин мындай чоң долбоорлор да болгон эмес. Ошондуктан Нарын ГЭСтин жетекчилери борбордук телеберүүгө (СССРдин борбордук телевидениеси, «Время» берүүсү) чыгып, гезиттерге жазып, жарыялап жатып, чоң курулуштарга кат жөнөтүп, адистерди, жумушчуларды чогулткан. Окуу комбинаты ачылып, квалификациялуу жумушчулар даярдалган. Эң алгач ГЭС курууда практика жүзүндө иштеп кете турган адис, жумушчулар керек эле. Анын үстүнөн бизде механизатор, альпинист, бетонщик, скалалаздар жок болчу. Бул адистиктерди ошол кездеги өндүрүштө перспективдүү кесиптер катары айтса да болот. Мындай адистерди Россиядан чакырып, алып келишкен.

Кара-Көлгө биринчи келген 12 адам Үч-Коргон ГЭСи курулуп бүткөн соң (Шамалды-Сай посёлогунда Нарын ГЭСтин башкармалыгы болгон) жаздан тартып чатырларды тигип, жол салып, шаарчаны кура баштаган. Биринчи чатыр азыркы универмагдын айланасына тигилген. Азыркы Мамкаттоонун ордунда ГЭСти, шаарды курган жумушчулар үчүн тамак ичүүчү жай, ашкана болгон. Ал жерден өзүм да тамак ичип жүрдүм. Ал ашкана СССР тарай турган жылдардын астында бузулуп, ордуна пионерлер үйүнө окшогон имарат пайда болгон. Кийин мүлктү жеке менчикке өткөрүү, кызыл китеп алуу деген чыкканда мыйзамдаштыруу деп Мамкаттоого ошол имаратты берген. Ошондон бери иштеп келүүдө.

1974-1975-жылдары дем алыш күндөрү жүк ташуучу унаанын үстүндө каттап иштеп жүрдүк. Жаңы ГЭС курула баштаганда жетекчи Поддубко вагондо отуруп иштеген экен. Ал вагон азыркы «Эдельвес» кафеси турган чөлкөмдө жайгашканын айтышат. Ал кездин адамдары жөнөкөй, өз ишине жооптуу, иштерман кишилер болгон.

Токтогул ГЭС бүткүл союздук курулуш болгондон кийин Энергетика министрлиги Москвадан карап, бүт жабдуу, каржы, кемчилик ошол жактан түздөн-түз берилип турган. Жумушчулар заводдордон унаа, автобустарды минип келишкен. Анан трактор, станок, жабдуулар поезд менен Шамалды-Сайга чейин, андан бери бул жакка алынып келген. Шамалды-Сайда техникалык комплектация башкармалыгынын кампалары болгон.

Жогорудагы биринчи келген 12 адамдын катарында генерал-майор Поддубко, башкы инженер Толкочев Леонид, Шевелев келген. Шевелев аялы Тамара Константиновна экөө Москвадан ГЭС куруу факультетин бүтүргөн. Үч-Коргон ГЭСи бүтүп жатканда кээ бир адистер башка жакка, кээ бири Кара-Көлгө ГЭС курууга келген.

Бул жерге келгенде жатакана да, ашкана да болгон эмес. Анан чатырлар менен келип, очокко өздөрү тамак жасап жан багып, шаарчаны, анан ГЭСти кура баштаган экен. Ошол 1962-жылы 16-июнда 12 адам келсе, күн санап алардын саны өскөн. Мисалы, Үч-Коргон ГЭСин курууга Кырым татарлары, Шахрихан, Фергана ГЭСтерин кургандар келген», — деди ал.

Адыл Дарбишевдин маалыматы боюнча, «Нарынгидроэнергокурулуш» 1956-жылы Өзбек курулуштан бөлүнгөн.

«Ошентип күн санап Кара-Көлдө ГЭС куруучулардын саны арбып, алар жашаган чатырлардын саны көбөйгөн. Анан вагондор келген. Күзгө чейин 10-15тей барак тибиндеги убактылуу үйлөрдү куруу керек болгон. СССРдин Энергетика министрлиги барак тибиндеги 40 үй салууну планга киргизген. Ар бир барак 22 бөлмөдөн турган. Айрым бир бөлмөлүү үйлөрдө эки үй-бүлө жашган экен. Ошол кезде эмчектеги балдарын эч нерсе жок, дагарага жаткырган күндөрдү баштан өткөргөндөр болгонун айтышат.

Ошентип күзгө чейин азыркы мэриянын ордуна 3 барак тибинде үй курулган. Анан азыкы Ленин көчөсүндөгү №6 көп кабаттуу үйдүн, Жеңиш аллеясынын ордунда барк тибиндеги үйлөр түшө баштаган. Кара-Көл 7 жылдын ичинде 17 миң адам жашаган жерге айланган. Азыр мурункудай аталышта АТК деген жер бар. Ошол жерге алгач 100 вагон коюлуп, анда 200 үй-бүлө жашаган экен. Анан көмүр жагып, ПДУлар (темир конструкция, жыгачтан жасалган үйлөр) келе баштаган. Ошол ПДУнун кирпичтен жасалган 2 метр көмүрканасы болгон. Мен Кара-Көлгө биринчи келгенде таң калгам. Себеби ПДУнун жыгачтан жасалган жерине кишилер жашаса, кирпичтен жасалган жерине көмүр сакталчу. Жумушчулар иштен кийин от жагып, тамак бышырып, кийимин жууп, баарына жетишкен. Россиядан, СССРдин башка республикларынан келгендердин арасында «Бала бакча, мектепке бара турган шарты жок экен» деп кетип калгандар көп болгон. Үй-бүлөсү Россияда калып, өзү келип иштегендер болгон.

1962-жылы бул жерге өз кесибин баалган, шаар курабыз дегендер келген экен. Анда азыркыдай асфальт жолдор кайдан. Шамалды-Сайдан акы төлөп, жүктөрү менен көчүп келгендер болгон. Эми ар ким ар кандай айтат. Союз мезгилинде «кыйынчылык болду, жетишпейт» деген сөздү айттырбайт эле.

Мен Кара-Көлгө 10 жыл болгондо — 1972-жылы келдим. Ал жылы универмаг бар эле. Ал жерге барганда бүт адамдар каскачан, өтүкчөн, куфайкачан жүргөнүн көрдүм. Себеби ал кезде эч ким кийим тандаган эмес. Баары окшош кийинчү. Анан азыркы «Ала-Тоо» дүкөнүнүн ордунда кичине дүкөн бар эле. Мындан сырткары 4 жерде ушул сыяктуу окшош дүкөндөр бар болчу. Саат 8ден кечки 10го чейин иштечү. Ошол дүкөндөрдөн кезек күтүп, нан, сүт сатып алар элек.

Жатаканада 2000дей адам — аскерден келгендер, иниститутту, училищаны бүтүп келген жаш кадрлар, Токтогул ГЭСти, шаарды курабыз дегендер жашачу. Ошол кезде инженерлердин айлыгы 120 рубль болгон экен. Анда акчанын күчү күчтүү болгон. Анткени 1961-жылы акча алмашкан. Бүт арзан, баарына жетчү. Мына ушундай күндөр шаардын тарых барактарында билип-билинбей, жазылганы жазылып, жазылбаганы мага окшогон гидроэнерго куруучулардын көз алдында кала берди. Өз ишин мыкты аткарган, жөнөкөй жумушчулардын талыкпаган эмгеги астында ушул шаар, Токтогул ГЭС курулду. Алардын кээ биринин эмгеги бааланбай, көзү өтүп кетти», — деди Адыл Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE