КАМЫРДЫ МЫКТЫ ЖУУРУЙ АЛАСЫЗБЫ?

https://kyrgyzcha.site/?p=64077&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КАМЫРДЫ МЫКТЫ ЖУУРУЙ АЛАСЫЗБЫ?

Кээде аш-тойго барып калганда «этинен да камыры сонун болуптур, жегиң эле келет» дегенди угуп калабыз. Анын сыңары, камыр жууруунун сырын билмейинче камыр тамактар даамына чыкпайт.

 

 

КАМЫР ҮЧҮН КАЙСЫ СОРТТОГУ УН ЖАКШЫ?

– Айрымдар камыр тамактарга жогорку сорттогу ун чыйралып, жакшы жайылбайт дешип, биринчи же экинчи сорттогу унду колдонушат. Бирок тамактагы камыр аппак болуп, эзилбей бышышы үчүн жогорку сорттогу ун жакшы. Бул өзгөчө конок келгенде керек. Болгону, камырды жууругандан кийин 30 мүнөттөн 1 саатка чейин тыныктырып койсо, камыр оңой жайылат. Камырды колго камыр жабышпай калгыча ийлеп жууруш керек.

Пример HTML-страницы

ТУЗДУ ЭРИТИП КОШУУ КЕРЕКПИ?

– Туздун өзүн унга кошуп жибербей, идиштеги жылуу сууга салып, эзип алуу оң. Анан тузун татып көрүп камыр жууруса туура болот. Сууну ундун үстүнө аз-аздан куюп, бир четинен жууруй баштаган туура. Суунун баарын бир куюп жиберсе, камыр суюк же жумшак болуп калышы мүмкүн.

ЫСЫК СУУБУ ЖЕ МУЗДАК СУУБУ?

– Абдан муздак сууга жуурулса камыр тырышып, ийлегенге, жайганга кыйын болот. Ысык сууга жууруса камыр өзүн таштап жиберип, жумшак болуп калат. Андыктан жылуу сууга же бөлмөнүн температурасындагы сууга жууруган оң.

УНДУ ЭМНЕ ҮЧҮН ЭЛЕШ КЕРЕК?

– Камыр үчүн унду алгач элеп алуу керек. Анткени эленген ундан жасалган азык, мисалы, пирожки же боорсок көпшөк болуп бышат.

АЧЫТКЫНЫ КАНДАЙ ТҮРДӨ КОШСО ТУУРА?

– Ачыткыны (дрожжи) ысык сууга салып жиберсе күйүп калат. Муздак сууга салса, камыр жакшы көтөрүлбөйт. Андыктан ачыткыны чыныга салып, үстүнө жылуу суу куюп коюп койсо, ал көтөрүлүп чыгат. Ошондо унга кошуп жууруса болот. Кээ бирлер ачыткыны унга түз кошуп жиберет, мындайда камыр жакшы жуурулбаса, ачыткы кээ бир жерлерде топтошкон бойдон калат.

БЕШ БАРМАК ҮЧҮН КАМЫР

Керектүүлөр (5 порция үчүн):

Ун – 800 грамм

Жумуртка –1 даана (кошпосо да болот)

Суу, татымына жараша туз

Табакка унду салып, ортосун чуңкурайтып, жумуртканы жарып кошуңуз. Эми туз татылган жылуу суудан аздан куюп, камырды бир аз катуу жууруу зарыл. Анан 1 сааттай тыныктырып туруп, бөлүктөргө бөлүп ийлеп, жая баштайсыз.

МАНТЫ ЖАНА ЧҮЧПАРА

Керектүүлөр (5 порция үчүн):

Ун – 1 килограмм (манты үчүн)

Ун – 400 грамм (чүчпара үчүн)

Жумуртка – 1 даана (кошпосо да болот)

Суу, татымына жараша туз

Мантынын жана чүчпаранын камыры орточо жуурулат жана ага туз өткүр кошулат. Камыры өтө катуу жуурулуп калса, түйгөндө четтери жабышпай убара кылат. Ал эми жумшак болуп калса, манты формасын жоготсо, чүчпара болсо эзилип кетет. Жуурулган камырды 30 мүнөт тыныктырып, анан жая берсе болот.

ЛАГМАН

Керектүүлөр (5 порция үчүн):

Ун – 1,5-2 килограмм

Жумуртка – 1 даана

Суу, татымына жараша туз

Камырды катуу да, жумшак да эмес, орточо жууруйбуз. Анан жакшы жана бат чоюлсун үчүн 1 же 1,5 сааттай тыныктырсак, жайганга даяр.

КАТТАЛГАН САМСЫ

Керектүүлөр:

Ун – 1 килограмм

Маргарин – 100 грамм

Жумуртка – 2 даана

Суу, татымына жараша туз

Маргаринди алгач бир аз эритип алган оң. Анан аны, жумуртканы унга кошуп, камырды катуу жууруп, жайганга чейин 20-30 мүнөт тыныктырабыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️