Кадимки туздун 25 пайдалуу касиети.

https://kyrgyzcha.site/?p=50456&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Кожойкелерге күмүш сырга. Кадимки туздун 25 пайдалуу касиети.

 

— Эртең менен ачкарын кайнаган сууга азыраак туз салып эритип анан тундурмасын ичсе, ал ашказанга пайдалуу.

 

-Белгилүү өлчөмдө туз салынган сууга башты жууп жүрсө чач түшпөйт.

 

-Өңү өнүп кете турган материалдарды жууганда азыраак туз аралаштырып жууса өнүнөн бузулбайт.

 

-Жаңы алынган идиш-аяктарды алды менен туздуу сууга кайнатып алса ал чыдамкай болот да, оңой менен сынбайт.

 

-Баклажандын тамырын туздуу сууга кайнатып бутту жууса буттун кычышканын токтотот.

 

-Сабизди майда туурап, туз аралаштырып кандын тагы бар кийимдерди же төшөндүлөрдү сүртсө, ал так жок болот.

 

-Адамдын денеси сууга күйүп калса, азыраак салынган туздуу суу менен жууса, анда ал жарат айыгат.

 

-Май эритүүдө казанга бир аз туз салып кайнатса май ташып кетпейт.

 

-Балык балыр жыттанса, туздуу суу менен жууса жыты жоголот.

 

-Бычакты туздуу сууга жарым саат салып коюп анан курчутса жакшы курчуйт.

 

-Үшүк алган денени, өзгөчө буту-колду жылуу сууга бир аз туз салып жууса ачышканын токтотот.

 

 

-Тамак шишип ооруса тузду майдалап андан кийин кууруп алкымга басса же туздуу суу менен тамакты чайкаса ооруганы басылат.

 

-Жаңы сатып алган тиш щетканы ысытылган туздуу сууга салып алса щетка көпкө чыдайт,

 

-Шамдын айланасына туздан сээп койсо, шамдын эрип кетүүсүн токтотуп аны жарык күйгүзөт.

 

-Кышында кир жууганда бир ууч туз салынган сууга чайкап жайса кир тоңбойт жана тез кургайт.

 

-Баш ооруган мезгилде адам тилине туз сүртсө жана азыраак туз аралашкан суу ичсе баш ооруну басат.

 

-Тиш түшүп кан токтобой калган учурда, туздуу суу менен оозду чайкаса кан токтойт.

 

-Ар күнү эртең менен туздуу сууга оозду чайкап турса ар түрдүү оозго пайда боло турган оорулардан сактайт.

 

-Зарна болгон убакта азыраак туз кошулган суу зарнаны токтотот.

 

-Көз кычыктары кычышып (трахома) оорусу, күн сайын туздуу суу менен көздү жууса көздүн кычышканы токтолот.

 

-Курт-кумурскалар чагып алган жерди туздуу суу менен жууса шишибейт.

 

-Сынып калган жумуртканы тузду сууга бир малып бышырса агы сыртына чыкпайт.

 

-Жашылча жемиштерди туздуу сууга чылап анан таза суу менен жууса ар кандай пайда болуучу микробдор жоголот.

 

-Сүткө бир аз туз салып койсо көпкө бузулбай сакталып турат.

 

-Тузду суу менен гүлдү сугарса, ал көпкө чыдап тез солубайт жана чачыранды өспөйт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️