Пример HTML-страницы

Холестеринди төмөндөтүүнүн жолдору

https://kyrgyzcha.site/?p=60426&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Холестеринди төмөндөтүүнүн жолдору

 

Холестеринди төмөндөтүүнүн 12 ыкмасын сунуштамакчыбыз

 

1. Холестеринди азайтуунун эң жөнөкөй жана кол жетимдүү түрү-диета. Ал үчүн тамак рационундагы таттуу жана майлуу тамактарды алып таштап, уктаардын алдында тамактанбооңуз керек.

 

2. Холестериндин негизинен жаныбарлардын этиндеги майларда болот. Ошондуктан аларды колдонууну азайтуу же болбосо курамында холестерини аз азыктарды пайдаланган оң.

 

3. Майы жок сүзмө колдонуп, майсыз сүт ичиңиз.

 

4. Жумуртка пайдаланууну чектөө керек. Жумасына 2 жумуртка жеген жетиштүү.

 

5. Майлуу этти коён, тоок, балык эти менен алмаштыруу кажет.

 

6. Рационуңузга майлуу деңиз балыгын кошуңуз (деңиз балыгындагы каныкпаган май кычкылдары кан тамырларын тазалоого жана аларда холестериндин пайда болушун алдын алат).

 

7. Дал ушундай касиеттер деңиз азыктарында да бар. Деңиз капустасынын көп колдонгонубуз пайдалуу.

 

8. Брокколи, капуста менен пияз жеп турууну унутпаңыз. Алардын курамында холестеринди төмөндөтүүгө керектүү элементтер бар.

 

9. Холестерини жогору адамдар үчүн күнкарама, жержаңгак, соя жана зайтун майлары өтө пайдалуу. Ошондой эле, холестеринге каршы зыгыр майынын да таасири бар.

 

10. Жакында окумуштуулар күнүнө 70 грамм бадам жеесе холестериндин деңгээлин төмөндөтүү мүмкүндүгүн ээ экенин далилдеди.

 

11. Мөмөлөрдү көбүрөөк жеңиз. Себеби алардын курамында салицил кычкылы болот, алар кандагы холестерин деңгээлин төмөдөтөт жана кандын уюшуна жол бербейт. Күнүнө 3 баш сарымсак жесеңиз, каныңыздагы холестерин деңгээли 15 пайызга чейин азаят. Ал болгону жаңы бышкан сарымсак болушу керек.

 

12. Жаман адаттардан оолак болуңуз. Күндө эртең менен көнүгүүнү жасаганды унутпаңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE