ЭГЕР ЖҮРӨК ООРУЛАРЫНАН, ЖЕ ИНСУЛЬТТАН КОРКСОҢУЗ, БУЛ СУУСУНДУКТУ ЭЧ КАЧАН ИЧПЕҢИЗ!
Бул кайсы суусундук экенин баарыбыз эле биле бербейбиз. Өзгөчө жаштар акыркы күндөрү көп колдонушуп келет. Эми бул эмне суусундук?
Бул, канды коюлтчу, курамында кофеин көп болгон, жүрөккө күч келтирүү менен инсульт жана башка жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылган – энергетик суусундуктар.
Бул суусундуктун таасири карыларга эле эмес, жаштарга да күчтүү тиет.
Энергетиктер Дания, Норвегия жана Уругвайда тыйуу салынса, Францияда 1996-2008 жылдары тыйууда болгон. Кувейтте, 2 адамдын өмүрүн алган окуя катталгандан кийин (бири 21, экинчиси 16 жашта), 16 жаштан кичүүлөргө сатууга тыйуу салынган.
Энергетик кимге ичкенге болбойт?
Биринчиден, кандай гана болбосун, кичинекей балдарга бергенге, экинчиден энергетиктерди төмөнкү адамдар ичкенге болбойт:
— Эмизген жана кош бойлуу аялдарга;
— Кофеинге сезимталдарга;
— Стресс болгондорго;
— Өнөкөт чарчоо синдрому менен ооругандар;
— Жогорку кан басымда;
— Жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыккандар;
— Канынын уюмалыгы бузулгандарга.
Энергетик + алкоголь = өлүм
Алакоголь менен энергетикти аралаштыруу менен, сиз депрессант менен стимуляторду бириктиресиз.
Мындай айкалыштыруунун эффекти ушуга чейин изилдене элек, бирок депрессан менен стимуляторго чыланган организм, жүрөктүн жетишсиздигине алып келет. Кээ бирлерди, мындай коктейл өлүмгө чейин алып барат.
Бир нече өлүм катталгандан кийин, Дания менен Франция алкоголь камтыган энергетиктерди сатууга тыйуу салган.
Энергияңызды энергетиксиз көтөрүңүз
Эгер бат сергектенип, энергиянын кубатын алгыңыз келсе, синтетикалык энергетикалык ичимдиктерге караганда, табигый ыкмаларды колдонуңуз. Чарчоо – адамдын табигый абалы эмес. Көбүнчө ал жаман адаттардын жана жашоонун туура эмес образынын айынан келет.
Чарчоо чакырчу башкы факторлор:
— Туура эмес тамактануу;
— Сапатсыз тамактануу;
— Тер эмоциялар;
— Стресстик ситуациялар;
— Уйкунун жетишсиздиги;
— Физикалык кыймылдын жетишсиздиги.
Энергиянын деңгээлин көтөрүү үчүн, бул кеңештерге көңүл буруңуз:
— Организм канча талап кылса, ошончо тамактаныңыз;
— Омега-3 май кислотасы камтыган азыктарды колдонуңуз;
— Шекер жана ун азыктарынан баш тартыңыз;
— Негативдик эмоциялардан, стресстен кутулуучу көнүгүулөрдү жасаңыз;
— Уйкуну кандырыңыз;
— Дайым физикалык көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.