Пример HTML-страницы

Ат-Башынын комузчусу Диана республикалык сынакка даярданып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу Диана Турдумамбетова сүрөт жана комуз боюнча көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келет. Учурда Бишкек шаарында жана Кочкор районунда өтө турчу кароо-сынакка даярданууда.

Диана мектептен сырткары Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде сүрөт, комуз, кыл кыяк сабактарына катышып, өзүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат. Үйүнөн түймө түйүп, эмоцияларды сүрөткө түшүргөндү жакшы көрөт. Кол өнөрчүлүк боюнча дагы ийримге катышып, майрамдарда өз колунан белектерди даярдайт. Ошондой эле мектеп ичинде болгон иш-чараларда комуз чертип берет.

«Сүрөттөн быйыл 3-класс болдум. Кыл кыякка жаңы эле кирдим. Комузга кичинекей кезимде эле кызыкчумун. Ошондо апам мени 2-класс кезимде киргизген. Комуз жана кыл кыяк боюнча мугалимимдин аты-жөнү Нурзат Сыдыкова. Атам Кубаныч мал чарба менен алек, апам Жайнагүл ишкер.

Комузду мен кийинки муунга үйрөтүү үчүн үйрөнүп жатам. Мисалы, кийин балдарымды жакшы тарбиялап, аларга дагы үйрөткүм келет. Бир нече күү билем. Эркин ойнойм. Үйдө 4 комузум бар. Үйдөгүлөрдүн баары комуз чертет. Чоң атам комуз чертип, ырдап, айтор ар тараптуу талант болчу. Ал адамдын көзү өтүп кетти. Мен көбүнчө ошол чоң атамдын комузун колдоном. Бардык комуздарымды жакшы сактап, жакшы колдоном. Учурда республикалык кароо-сынакка катышууга даярданып жатам.

2021-жылы “Жаш музыкант” деген кароо-сынакка катышкам. Анда 2-орунду алдым. Былтыр онлайн кароо-сынакка катышып, 2-орунду алдым. 2016-жылы Кыргызстан боюнча кароо-сынак болуп, андан 2-орунду алдым. Андан сырткары мектеп ичиндеги жана музыкалык мектеп ичиндеги кароо-сынактарга катышам.

Башында артист болгум келчү. Бирок чоңойгон сайын оюм алмаша баштады. Келечекте дарыгер болгум келет. Гинеколог болуп, элдин батасын алгым келет. Аялдарды аман-эсен төрөтүп, алардын ден соолугуна кам көрүп, натыйжалуу дарылагым келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE