АШЫКЧА ЭМОЦИЯ КАНДАЙ ООРУЛАРДЫ ЖАРАТАТ?
Мигренден баштап согончокко чейин
Жашоо- бул кээде эмоционалдык катуу чимирилген айлампага окшош. Анткени бирде төө, бирде ат, бирде жөө жүргөн жашоо кечирип калууга толук мүмкүн. Буга мисал, ойчул Фил Муц: «Башыбызда айланып жүргөн эмоция жана ойлорубуз, физикалык жактан ден- соолугубузга кандай таасирин бере тургандыгын билген соң, абдан катуу таң калгам»- деп айткан. Адамдар деле муну жакшы түшүнүшөт, бирок, олуттуу көңүл бурушпайт.
Адамдар кабылган депрессия жана эмоционалдык травмаларды изилдөө боюнча психолог Сюзанна Беббел жазгандай, өнөкөт оорулар физикалык травмалардан эмес, дал ошол эмоционалдык, стресстик абалдын натыйжасында болот. Андыктан эмоционалдык травмаларга кабылган жакындарыңызга өз убагында жардам бербесеңиз, акыр аягы өлүм менен аяктай турган коркунучка ээ. Мындай пикирин психолог Беббел ар дайым белгилеп келет.
Баш оору
Ашыкча эмоционалдык дүүлүгүү, стресс эң биринчи мигрен дартына чалдыктырат. Анткени мээге керексиз жана пайдасы жок ойлонуулар баш сөөккө залакасын тийгизет да, анын натыйжасында мигрен оорусу пайда болот. Андыктан мээни терс энергия жана ойлордон тазалап, сергитип туруңуз. Ашыкча жүк артпаңыз, ошондо гана мигренден кутуласыз.
Моюн оорусу
Окумуштуулардын пикиринде, моюну көп ооруган адам кандайдыр бир нерсеге өзүн күнөөлүү сезет, же болбосо кимдир бирөөлөр аны бир нерсеге ар дайым күнөөлөй беришет. Андыктан өзүңүзгө жана сизди күнөөлүү деп эсептеген адамга актануу үчүн ар ар дайым эмоционалдык травманын чеңгээлинде болосуз, анын айынан моюнуңуз ооруй берет. Өзүңүздү анчалык катуу жазалабаңыз. Өзүңүзгө кам көрүңүз, кимдир бирөө сизге таарынычы бар болсо, андан кечирим сураңыз.
Ийин ооруса
Өзүнө ашыкча милдеттендирилген жумуштарды үйүп алган адамдын ийиндери көп ооруйт. Мындай адамдар жасалбай калган көп жумуштары үчүн катуу ойлонушат. Аткара турган иштериңизди тизмектеп жазып алып, бир- бирден аткарыңыз. Оор жүк ийиниңизден кандай түшкөнүн байкабай каласыз.
Далыңыз уюп ооруса
Далысы уюп ооруган адамдар эмоционалдык колдоого муктаж болгондор жана сүйүүгө муктаж болушат. Алар ар дайым өздөрүн жалгыз сезишет. Андыктан жаңы мамиле куруңуз. Өзүңүздү сүйүктүү адамдардын катарына кошуп, маанайды көтөрүңүз.
Чыканак оорусу
Ашкере көк беттик кылсаңыз, чыканагыңызга күч келет. Ошон үчүн дайыма эле өзүңүздүн пикириңизди таңуулап, көк беттик кыла бербей, сүйлөшүп келишүүгө, ынанууга үйрөнүңүз. Башкалардан дагы колунан келбей келген турган нерселерди жасоону талап кылбаңыз.
Алакан ооруса
Жалгыздыкка кабылып жана өзүн кимдир бирөөнүн коргоосуна муктаж болгон адамдын алаканы ооруйт. Чөйрөңүздөгү адамдарга байкоо салыңыз, сиз менен пикирлештер сөзсүз табылат. Кам көрүүчү адамдар да жок эмес. Өзүңүзгө ылайыктуу эреже иштеп чыгыңыз, айтоор, жалгыз болууга жол бербеңиз.
Бел ооруса
Эгерде белиңиз көп ооруса, демек жашооңузду толугу менен түп тамырынан өзгөртүү талап кылынат. Ошондой эле сиздин чечимиңизди күткөн көптөгөн маселелер чечилбей турат. Ошондуктан чечкиндүү болууга аракет жасаңыз. Бир орунда турбай кыймылда болуңуз.
Таман ооруса
Өзүнүн мүмкүнчүлүгүнөн жогору болгон нерселерди талап кылууда жана ашкере активдүүлүктө таман ооруйт. Ошондой эле ар дайым жалгыз жумуш аткаргандар да мындай ыңгайсыздыкка кабылат. Андыктан дос- жар күтүп, жумушта жардамчы же кесиптеш менен иш бөлүшүп иштегенге үйрөнүңүз. Эс ала билиңиз.