Пример HTML-страницы

Ала-Бука айылында бакты кемирген коёндор пайда болду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука айылынын айланасындагы алма бактарда коёндор көп болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алар күн сайын кичинекей коёндорду таап жатышканын айтышты.

«Коёндор адатта жашынып алышат. Алардын жанына барсаң да тынч отурушат. Коёндор алма бактарда кеч күзгө чейин, кышында дагы жүрүшөт. Алар алманы жакшы жешет жана бактарды дагы кемирип салышы мүмкүн. Биз кармап алган коёндорду кайра бошотуп жиберебиз. Жашай беришсин», — дешет жашоочулар.

Эколог Александр Сосновский бул коён сымалдууларга кирген кемирүүчү экенин билдирди.

«Кыргызстанда толай коён бар. Сырткы көрүнүшү боюнча майда русак коёнго окшош. Көбүнчө салмагы 1,5-2,5 килограммдан ашпайт. Кулагы жана буттары русак коёнго караганда узунураак. Талаа, тоо этекринде жана тоодо байырлайт. Кыргызстандын айрым райондорунда деңиз деңгээлинен 400 бийикте да кездешет. Учурда Кыргызстанда толай коёндун саны канча экени так белгисиз, бирок ага күз-кыш мезгилдеринде мергенчилик кылууга уруксат берилген. Толай коён жылына 3-4 ирет төлдөйт, ар бир төлдө 3-6 коён тууйт. Алар бакчаларда 5-7 жылдык көчөттөрдү жактырышат. Алар күз-кыш мезгилинде бак-дарактардын кабыгын тегерете кемирип зыян тийгизиши мүмкүн», — дейт Сосновский.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE