Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Коңорчок айылынын жашоочулары жаңы бала бакча куруп берүүнү суранып жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Коңорчок айылынын жашоочулары жаңы бала бакча куруу зарылдыгын айтышты.

Жогорку Кеңештин депутаты, тиешелүү министрликтердин, агенттиктердин өкүлдөрү Ак-Талаа районундагы иш сапарынын жүрүшүндө Коңорчок айылынын жашоочулары менен жолугушту.

«Бала бакчага келүүчү балдардын саны жылдан жылга өсүп жатат. Санитардык талаптарга ылайык бөлмөлөр тардык кылып жаткандыгын билдиребиз. Бул имарат мурунку фельдшердик-акушердик пункттун имараты болгондуктан эч кандай талапка жооп бербейт. Имараттын бала бакча үчүн эч кандай шарты жок. Балдар үчүн тар жана ылайыксыз. Имараттын эскилиги, шарттын жоктугу, ички жабдыктардын жетишсиздиги бакчадагы балдар жана андагы кызматкерлер үчүн өтө ыңгайсыздык жаратат. Бүгүнкү күндө келечек муундарга татыктуу тарбия берүү үчүн бала бакчада толук шарт түзүлүш керек болуп жатат. Бул маселени чечүү үчүн жаӊы, стандартка ылайык бала бакча салуу керектигин билдиребиз», — деди тургундар.

«Кубан бөбөк» бала бакчасынын башчысы Тумар Касымбекованын айтымында, кошумча тайпалардын ачуу зарыл.

«Бала бакчабыздын имараты фельдшердик-акушердик пункт үчүн 1965-жылдары 50-60 түтүн элге ылайыкталып курулган. Алгач имарат 4 бөлмөлүү болуп салынган экен. Кийин кыштан ашар жолу менен 6 бөлмө уланган. Азыркы күндө Коңорчок айылында 250 түтүн калк жашап, элдин саны 1300 адамдан ашат. 1 жаштан 5 жашка чейинки 141 бала бар. Бала бакчанын жалпы аянты 184,02 чарчы метр», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE