Жылаңайлак басуу

https://kyrgyzcha.site/?p=52302&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Жылаңайлак басуу

 

Жай мезгилинде кум, топурак, кургак жер, кол жээги жана көк чөптөрдүн үстүндө бутту жылаңачтап алып басууну адатка айлантыңыз. Мындай басуу буттун өнүгүүсүн дагы да жакшыртат, ошондуктан жылаңайлак басып, балдарыңызды да ошондой басууга көндүрүңүз!

 

Абдулла ибн Бурайда ибн ал-Хасыб аль-Асламий риваят кылат:»Пайгамбарыбыз кээде бизди жылаңайлак жүрүүгө буюрат эле». (Абу Дауд 4160).

 

Жылаңайлак ??? басуунун пайдасы:

1️⃣ Согончокторго массаж болот. Дал ошол согончокто көптөгөн рефлектордук точкалар болот. Мына ошол точкалар көптөгөн ички органдардын иштөөсүнө жооп берет.

2️⃣ Май тамандуулук болбойт. Бут кийими жок басуу буттарды эс алдырат жана буттун туура өнүгүүсүн калыбына келтирет.

3️⃣ Электр каражаттарынын жанында көп жүргөндүктөн топтолуп калган статикалык чыңалуулар кетет.

4️⃣ Жайкы мезгилде ысык кумда же жерде жылаңайлак басуу менен сиз согончоктордо пайда болгон грибоктор менен активдүү күрөшө аласыз.

5️⃣ Жылаңайлак басуу менен сиз Альцгеймер жана склероз ж.б. оорулардын алдын алып профилактика жүргүзө аласыз. Жылаңайлак басууда кан айлануу жакшырып, анын себеби менен мээ керектүү деңгээлде кычкылтек менен камсыз болот. Натыйжада ооруларды дарылоодо дары-дармектерди издебей каласыз!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️