ЖУМУРТКА ЖҮРӨКТҮН ИШТЕШИН ЖАКШЫРТАТ
Жумуртка дасторконубуздагы эң белгилүү азык экени талашсыз. Антпегендечи? Даамдуу, арзан, тоюмдуу жана пайдалуу! Жумуртка кошуп түрдүү даамдарды даярдоого болот. Ал гана эмес айрым пикет, митинг учурларында пайдаланган жайыбыз да бар. Жумуртканын пайдасы тууралуу жакындан таанышып алалы.
ПАЙДАСЫ
Тооктун жумурткасы
Башка канаттуулардыкына караганда тооктун жумурткасында белок алда канча көп болгондуктан булчуңдарды чыңдоодо пайдалуу. Ошондой эле холестерин 2 эсе аз болуп саналат.
Бөдөнөнүн жумурткасы
Жумуртканын бул түрүнүн курамы В2 (рибофлавин), В1 витаминдерине, калий жана темирге бай. Аны пайдалануу менен дерматит, конъюнктивит ооруларынын алдын ала аласыз жана эс-тутумуңузду жакшыртасыз.
Өрдөктүн жумурткасы
Өрдөктүн 2 жумурткасында 7,8 микрограмм В12 витамини бар. Демек, өрдөктүн 2 жумурткасы сизди бир сутка бою гемоглобиндин түшүп кетүүсүнөн сактайт. Сарысынын курамында май көп болгондуктан, иммунитетти көтөрүүдө, салмак кошууда пайдаланууга болот.
Каздын жумурткасы
Каздын жумурткасы Омега-3 май кычкылына, антиоксиданттарга бай. Булар жүрөк кан тамырларынын иштешин жакшыртат. Ал эми курамындагы лютен эрте картаюунун алдын алат.
Ундүктүн жумурткасы
Үндүктүн жумурткасында цинк менен темир көп. Цинк урук чыктагыч безинин иштешин жакшыртса, темир организмге кычкылтектин жетишин камсыздайт.
Кабыгынын түсүнүн ак, саргыч же күрөң болушу тооктун породасына байланыштуу.Даамы жеген жеминен көз каранды.
Белогунда эч кандай май жана витаминдер жок. Бирок протеиндин көп бөлүгү дал ушул агында.
Курамындагы майдын жана витаминдердин дээрлик баары сарысында топтолгон.
Жумуртканын сарысы тооктун жеген жемине байланыштуу кызгылт сары, сары болот.