Жигиттер эмнеге депрессия стресс)))

https://kyrgyzcha.site/?p=51501&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Жигиттер эмнеге депрессия стресс)))

 

Илгери жигиттер кана карышкыр кийик кекилик атып келип, малды карап, өздөрү кана үй бүлө баккан үчүн, аларда психологиялык жактан кыйналган эмес. Азыркы учурда депрессия стресс болгон жигиттер кыздардан кем калбайт. Өзүн өзү өлтүргөндөр, эркектик касиетин жоготуп көк болуп кеткендер, 30 35 ге чыксада үйлөнбөй жүрө бергендер, үйлөнсө да жубайынын сөзүнөн чыга албай, үй бүлөсүн досторун, ага тууганын кечип салгандар, альфонс болуп байыраак кызга үйлөнгөндөр толуп кетти.

Башында баары жакшы болчу, тамак ашты жигиттер табат, оор жумушту жигиттер кылат, булар баатыр деген доордо өсүп чоңойгондор баары арстандар болчу. Азыр аватардагы сүрөттө эле калды көп жигиттин арстандыгы)).

Баарына жигиттер эмес, дүйнөнү өнүгүшү күнөөлүү. Азыр оор жумуштун баарын машиналар кылат. Машинаны башкаруу кыздын да колунан келет. Бул эркек үчүн биринчи стресс. Азыр кыздар жигиттердей эле тамак ашты өздөрү эле таап алат. Бул экинчи стресс. Болгону ушул эки нерсе көпчүлүк жигиттин өзүнө өзү ишенүү сезимин жулуп алат.

Эмнеге азыр көп жигиттер, жубайынан коркуп жашайт? Анткени ансыз да жубайы сонун жашап кетээрин билет. Ал каалаган күнү сумкасын алат да баса берет. Кыздын ата энеси да бир кың дебей тосуп алат.

Эмнеге азыр жигиттер, тартынчаак өз оюн толук айта албай, уверенный шаг таштап бара албайт? Анткени тиги кыз ага караганда көбүрөөк акча табат. Ошону ойлогондо жигиттер аябай стресс болот. Кыйналып кысталып же бирөөгө айта албай бук болуп чүнчүп кетет.

Көп учурда кыздардын ачык айкын жүргөнү, билинбеген менен көп жигиттин шагын сындырып коет. Анан эле дүйнөнү жек көргөн, кыздарды ашата сөккөн жигиттер пайда болгонун көрүп таң каласыңар)).

Эркектин тээ түбүнөн пайда болгондо эле мен багам, мен сүйлөйм, меники закон, мени уккула деген менен төрөлөт. Азыр андай төрөлгөнүн уруп ойнобогон айымдар огогого. Сен мени ук мен айтканды кыл, мени сүй деп айым сүр көрсөткөндө, жигиттин жигитмин деген гормондору карсылдап сынып шалдырап калат )). Анан ошол бойдон баягы эркек чала була эркек болуп калат. Ал жагынан кана эмес интимный жашоосу оорлоп калат.

Байкасаңар орус туугандар, такыр эле айрымдарына баш ийип, ошолор айтканга макул болуп жашап калганы үчүн. Эркектик касиет азайган сайын, тукуму да үзүлүп, анысы аз келгенсип 5 эркек болсо бирөөсү көк кашайып))).

Аялы баккан үйдө аябай аз эркек эрекектей болгону туурабы. Жигит жигиттей чечим чыгара албаса, жигиттик мүчө да аксап калат, психологиялык ахыбалы полдун астында болот, калп эле күлүп жүргөнү болбосо.

Азыр ахыбал ушундай болуп калды, ар бир апа баласы менен анын психологиясын туура тарбиялабаса баласынын келечеги кыйын болуп калышы толук мүмкүн. Мисалы жанагы голубой дегендердин кээ бирөөсү тубаса болсо, көбү психологиялык жактан эле бузулган болот, өзүнө өзү ишенбегендиктен барып эле ошондой болуп калат.

Анын үстүнө жалгыз апасы тарбия бергендер көп. Анан ал дайым аял кишинин сөзүн закон катары кабыл алып калган бала, кийин аялынын сөзү менен жашап калса таң калбаш керек.

Чындыгында ар бир жигиттин канында жигиттик эркектик кан бар. Ошону туура колдонуп, туура жол көрсөтүп, жашоонун ысык суугуна эркекче тургандай тарбия берип, айылга тоого алып барып, атка мингизип анча мынча күрөштүрүп өстүрүш керек.

Мурун айымдар стрес депрессия болсо, азыр жигиттер деле кем калышпайт, ошонун айынан бомж, алкаш, альфонс дегендер көбөйүүдө.

Апалар баатырларды өстүрсө, баатырлар айымдарга жөлөк болот. Кокосунан алып туруп

— мен сага үйлөнөм, азыр байлыгым жок, бирок өзүм бар, демек баары болот. Сен канча тапсаң да укмуш болсоң да үйдө мен хан, апамды атамды багабыз, ага тууган досторума, кийлигишипе, а так калган тапкан ташыганымды сен алып үйдү бекем кармай бер деп ээ))

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️