ЖАШООГО КИМДИР БИРӨӨЛӨРГӨ ЖАГАЛДАНЫШ (КОШОМАТ КЫЛУУ) ҮЧҮН КЕЛГЕН ЭМЕСПИЗ!

https://kyrgyzcha.site/?p=53826&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖАШООГО КИМДИР БИРӨӨЛӨРГӨ ЖАГАЛДАНЫШ (КОШОМАТ КЫЛУУ) ҮЧҮН КЕЛГЕН ЭМЕСПИЗ!

 

? Биздин убакта адамдар өзүн актоо үчүн түркүн сөздөрдү ойлоп таба алышат. Бирок, жөнөкөй эле » Кечир, мен адашкан экенмин » — деген сөздү айтуу алда канча татаал.

? Кээде жалгыз болгон да жакшы. Себеби, эч ким сенин көңүлүңдү ооруталбайт.

? Мен досторду пикир келишпестиктин айынан жоготушат деп ойлогом, а алар убакыттын өтүшү менен өздөрү эле кайдадыр жуурулушуп кетишет тура.

? Адамдын баарына жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгү жок, бирок анда эч кимге жамандык кылбоо мүмкүнчүлүгү бар.

? Сүйүү — бул эки тараптуу сезим. Эгер бирөөсү гана сүйсө, анда бул — ооруу.

? Таарынычтар кетет. А ишенимдер кайтпайт.

? Эгер адам оорууну сезсе, демек ал — тирүү. А эгер адам башка бирөөнүн ооруусун сезсе, демек ал — АДАМ!

? Достук — бул бриллиант сымал. Өтө сейрек кездешет, кымбат турат, а жасалмалары абдан көп.

? Эч качан жалаа менен мактоого өзгөчө маани бербе. Ич күйгөндөн жалаа жапса, боор ооругандан мактап коюшу мүмкүн.

? Эч качан өзүңдү төмөн ойлобо. Сенден даражасы жогору адамдардын да бир кемчилиги болот.

? Эгер чөгө турган болсоң, бир гана бакыттын деңизине чөк!

? Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан жакшы.

? Бийикке чыгып баратканыңда, жолуңдан кездешкен адамдарды таарынтпа. Анткени, ылдый кулап жатканыңда, кайра эле алар менен кезигесиң.

? Сырткы кебетеңе карап баа бергендер, демек алар тереңдик эмне экенин түшүнүшпөгөндөр.

? Каталардан качыш үчүн, тажрыйба керек. Бирок, тажрыйба болуш үчүн, адашуу керек.

? Жоготуп алган кезиң — жоготуу эмес, жоготуп алганыңа өкүнгөн кезиң — чыныгы жоготуу болот.

? Мамилелер дүрбү сыяктуу. Кимдир бирөөнү алыстатса, кимдир бирөөнү жакындатат.

? Бакыттын эң жөнөкөй сыры — эч качан ден соолугуңду, аялыңды, маянаңды бирөөнүкү менен салыштырба.

? Жакшы адамды таануу оңой эле:

Анын жүрөгүндө кайгы, а жүзүндө күлкү.

? Сен көрүп турган нерсе, сенин кандай караганыңдан көз каранды.

? Таарыныч ташка окшош. Аны өзүңө чогултпа. Болбосо, анын оор салмагын көтөралбай жыгылып каласың.

? Адамдар алсыз болгону үчүн ыйлашпайт, а себеби, алар көп убакыттар бою күчтүү болуп келгени үчүн ыйлашат.

? Кээде сени угуулары керек үчүн, унчукпай турган пайдалуу. Жана сени байкоолору керек үчүн, жоголуп туруу керек.

?Кээде, бир адамдын кылган жамандыгын кечиргенче, аны унутуп койгон жеңилирээк.

? Тууганды бизге Жараткан белек кылат. А досторду Аллага шүгүр өзүбүз тандайбыз.

? Жашоодо өзүң менен өзүң болуп, өз жолуңду тап. Кимдир бирөөлөргө жагалданыш үчүн келген эмеспиз.

? Муну эсиңен эч качан чыгарба! Эч качан кокустук деген болбойт!

? Жаныңда эч ким жок калса, демек өзүң менен таанышууга убакыттын келгени.

? Жасабадым деп өкүнгөнчө, жасап туруп өкүнгөн жакшыраак.

? Аялды сүйбөй туруп, аны менчиктесе болот, бирок аялды менчиктебей туруп, аны сүйсө да болот.

? Ар адам билгенин гана сүйлөгөндө, дүйнөдө кандай сонун тынчтык болмок.

? Адамдарды жакшы тааный баштагандан бери, айбанаттардан дос күтө баштадым.

? Сенин жакшы экениңди билип туруп жаман көргөн адам , өлүм босогосунда сени көргүсү келет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️