ЖАҢЫ ТӨРӨГӨН КЕЛИНДИ КАНТИП ТЫҢЫТУУ КЕРЕК?

https://kyrgyzcha.site/?p=59917&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖАҢЫ ТӨРӨГӨН КЕЛИНДИ КАНТИП ТЫҢЫТУУ КЕРЕК?

 

Келиндин жумуш кылбай жатып алышы кыргызда жат көрүнүш. Көнгөн адат боюнча жаңы төрөп келген келин жатып алуудан тартынып, жумуш кылып жүрө берип, жакшы тыңыбай калышы мүмкүн.

 

ЖАТЫН

Төрөт учурунда аялдын 12 мүчөсүнүн баары ажырап ордунан козголот, бир гана кирпиктин бул процесске тиешеси жок. Ордунан козголгон орган, мүчөлөрдүн калыбына келиши үчүн 42 күн керектелет. Калыбына келүү процесси бала төрөлүп, эненин бооруна жаткызылган мүнөттөн тарта башталат. Баланы эненин бооруна жаткызганда энелик сезим күчөйт да, окситоцин гормону бөлүнүп чыга баштайт. Бул гормондун жардамы менен жатын булчуңдары жыйрылып, кичирейет. Төрөгөндөн кийин жатындан кан аралаш былжыр суюктук чыгат (5 жумадай). Бул учурда сууга марганцовканы мала кызыл кылып кошуп алып, дааратканага барган сайын жуунуу керек. Анткени төрөгөндөн кийин аялдын жатыны ачык болгондуктан, заара чачыраса деле инфекция кирип кетиши мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Эгерде жатынга инфекция кирсе, эндометрит оорусу пайда болот. Андайда эненин дене табы көтөрүлүп, тамакка табити тартпай, алсырайт. Мындай учурда дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.

Ич кирсин деп таңып салуу туура эмес, бул ыкма жатындын жыйрылышына тоскоол болот. Таңбай эле ар кандай ботко жана укалоонун жардамы менен арылууга болот. Бул ыкма курсактагы целлюлиттен да арылтат.

 

ЭМЧЕК

Төрөгөндөн кийин организмден пролактин гормону бөлүнүп чыгат да, эмчекте сүттүн пайда болушуна жана эмизип жатканда айыздын убактылуу токтошуна алып келет. Бул гормон эмчек эмизип жатканда бойго бүтүүдөн сактайт. Кээ бирлер «бала эмизсем деле боюмда болуп калды» дешет. Баланы кошумча тамак бербей күнү-түнү эмизгенде гана бойго бүтпөйт.

Баланы эмизерде колду таза жууп, жылуу сууга малынган таза чүпүрөк менен эмчекти сүртүш керек. Үрптү баланын оозуна толук салбаса аба кирет да, эмчек кесилет. Эмчек кесилбеши үчүн кош бойлуулуктун 7-8-айынан баштап кам көрүү туура. Ал үчүн туздуу сууга сүлгүнү салып, аны менен эмчекти сүртүү керек. Төрөгөн соң бала эмгенден кийин калып калган сүттү саап, эмчекке сүртүп койсо кесилбейт.

 

ТАМАК-АШ

Төрөгөн аял убагы менен эс алып, сапаттуу тамактануусу талапка ылайык. Күнүмдүк тамак-аш рационунда сүт азыктары, балык, уйдун шорпосу болушу керек. Кычкыл, ачуу тамакты жегенге, ичимдик ичкенге, чылым чегүүгө, өз алдынча дары-дармектерди пайдаланууга болбойт. Таза абада көп болуп, бөлмөнү убагы менен желдетип, таза кармоо эне жана бала үчүн өтө пайдалуу.

 

 

ЖУМУШ ЖАСОО

Төрөгөн аялга алгачкы 2 күн көбүрөөк жатуу сунушталат. Бирок такыр кыймылсыз жата берсе, заңдоо жана заара ушатуу кыйындайт. Жарым жылга чейин оор көтөрүүгө болбойт. Оор көтөргөндө сөөктөр ордуна жакшы келбей жылышат, белде грыжа пайда болот. Муздак сууга колду салып жумуш кылганда эндометрит оорусу пайда болот.

 

ЖУУНУУ

Ваннага, мончого түшүүгө болбойт, себеби жатынга инфекция кирип кетүү коркунучу бар. Бирок душтун алдына туруп жышынгыч колдонбостон кара самын менен көбүртүп жууна берүү керек. Жуунгандан кийин шамалдап калуудан качып, жылуу жатуу зарыл.

 

 

АЯЛ КОШ БОЙЛУУ УБАКТА ЭМНЕГЕ САЛМАК КОШОТ?

 

Норма боюнча 8-10 килограмм салмак кошулат

 

Ымыркайдын салмагы – 3-4 килограмм.

Кан 1,5 эсе көбөйөт, себеп дегенде эне менен баланын жашоосун камсыз кылыш керек.

Тондун салмагы – 700 граммдан 1 килограммга чейин.

Ымыркайды курчап турган суу – 1 литр.

ЧАЧ

Эстроген гормону чачтын бекемдигин, узарышын көзөмөлдөп турат. Төрөгөндөн кийин аталган гормон калыбына келгиче 3-6 ай өтөт. Ошондуктан 6 айга чейин аялдын чачынын түшүшү организмдеги өзгөрүүдөн улам келип чыккан процесс. Кыргыздарда бала талпынганда чач түшөт деп коюшат, талпынуу баланын 4-6 айлыгына туура келет. Эгер көп өлчөмдө түшө баштаса, трихологго кайрылуу керек.

 

ТЕРИНИН ЖАРЫЛЫШЫ

Кош бойлуу кезде салмак көп кошулса курсактын, төштүн, жоон сандын териси жарылып кетет. Жарылган терини медицинада калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Бирок алдын алып, кош бойлуу кезде атайын тигилген ич кийимдерди (бандаж) кийип, душка түшүүдө суу менен массаж жасап жана кадимки өсүмдүк майы менен терини майлап турса болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️