ЖАН ДҮЙНӨБҮЗ ЭМНЕНИ КААЛАЙТ?

https://kyrgyzcha.site/?p=55015&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖАН ДҮЙНӨБҮЗ ЭМНЕНИ КААЛАЙТ?

 

?️ ЖАН ДҮЙНӨ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Мелүүн соокон шамалды элестетип көрүңүз. Көзүбүз менен көрүп, колубуз менен кармай албайбыз. Бирок шамалдын бар экенин сезип, үнүн уга алабыз. Жан дүйнөбүз да шамал сыяктуу. Бул ички дүйнөбүздөгү назиктердин назиги болгон сезим.

 

Эмне үчүн назик деп атадым?

 

Жан дүйнөбүздүн эң жакын досу бул — көңүл. Жан дүйнөбүз ооруса көңүлүбүз ооруйт, муздайт. Жагымдуу учурда кубанат. Жагымсыз учурда кайгырат. Көңүл болсо, жан дүйнөнүн абалын сыртка чагылдырып турат.

 

?️ ЖАН ДҮЙНӨБҮЗ СҮЙҮҮНҮ ЖАНА ТЫНЧТЫКТЫ КААЛАЙТ?

Эмне үчүн сүйүүнү каалайт?

Жан дүйнөбүз эч качан жаманды каалабайт. Ар дайым бизден сүйүүнүн булактары агып турушун каалайт. Ошондой эле

▪️тынчтыкты,

▪️ынтымакты,

▪️биримдикти,

▪️жүрөктүн эркиндигин каалайт. Бирок сүйүү болбосо булардын бири да болбойт. Себеби бардык жакшынын тамыры сүйүүдөн башталат. Жан дүйнө сүйүүгө толгон соң, өзүндөгү жакшыны башкалар менен бөлүшө баштайт.

 

Ишеним, үмүт, тынчтык, биримдик, ынтымак, меймандостук, сый урмат ж.б.у.с. жакшынын баардыгы сүйүүдөн башталат. Булардын баары жан дүйнөнүн азыктары болот.

 

?️️ ЖАН ДҮЙНӨ ЖАМАНДЫ СҮЙБӨЙТ.

Көөдөнүбүз кирдей баштаганда жан дүйнөбүз ооруй баштайт. Себеби жаманды жанына жолоткусу келбейт. Жаман жанына келди дегиче кыйналып, тынчтыкты издеп жөнөйт. Кайсыл жерде тынчтык жана өсүү болсо ошол жерде болууну каалайт.

 

▪️Жан дүйнө эч качан жамандан тынчтыкты жана сүйүүнү таппайт. Анткени жамандын өзүндө тынчтык жана сүйүү жок.

 

▪️Жан дүйнө жалгандан өзүн алдап, жалгандан сооронуп жашагысы келбейт. Анткени жан дүйнө чындыкты сүйөт. Өзүн жалгандан соорото баштаган күнү кыйналат жана өзүнө чыныгы сооронучту издейт.

 

▪️Жан дүйнө караңгылыкты жек көрөт. Караңгы менен достошкусу келбейт жана ар күнү жарыкка умтулуп жашайт. Жарыкты өтө сүйөт. Жарыктын жолун жолдоп, кимдин жүрөгүндө жашаса ошол адамга бакыт тартуулагысы келет.

 

▪️Жан дүйнө ичи таар, көрө албас, тили заар адамдан качат. Андай адамдын жүрөгүндө жашоону каалабайт. Себеби жаман адамдын жүрөгүндө, жан дүйнө үчүн орун жок. Жаман адам жакшыга орун бергиси келбеген үчүн жан дүйнө азык албайт, өсүүсү токтоп кыйналат.

 

▪️ Жан дүйнө бакытты сүйөт. Ар бир адамга бактылуу жашоону тартуулап, адамдын ички дүйнөсүн гүлдөтүүгө аракет кылат. Эгер, жан дүйнөбүздүн үнүн уксак жана тил алчак болсок гана. Эгер укпасак анда жан дүйнө өзүн толук бизге ачып бере албайт. Эмне үчүн? Анткени өзүбүз уруксат бербегенибиз үчүн.

 

▪️Жан дүйнө жүрөктөгү эркиндикти сүйөт. Ал эч кимди моралдык жактан кысымга алууну каалабайт. Эмне үчүн? Анткени моралдык кысымга алуу, адамга эч кандай кубаныч бербегенин жана өзүн таанууга, өзүн сүйүүгө, алга кетүүсүнө чоң тоскоолдук болорун билет. Жан дүйнө, жүрөктөгү эркиндик бул сүйүү экенин жакшы түшүнөт.

 

▪️ Жан дүйнө ар бир инсанды туура түшүнгүсү келет. Айыптап, соттоп, басынтып, шылдыңдап, кемсинтип мамиле кылганды жек көрөт. Анткени жан дүйнө жаман менен достошпойт. Өзүн ыйык сезип башкаларга «мен сага караганда тазамын же ыйыкмын» деп айтпайт. Өзүнүн азыгы жок калганда, ката кылып алуусун эске алат.

 

️ ЖАН ДҮЙНӨГӨ КАЙДЫГЕР КАРАБОО ЖАНА БАШКАЛАРДЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮН ООРУТПАЙ ЖҮРҮҮ БУЛ СИЗ ҮЧҮН ЖАНА МЕН ҮЧҮН ЖАКШЫ БОЛОТ.

 

БАШКАЛАРДЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮН ООРУТУУ БУЛ — ӨЗҮҢҮЗГӨ КӨҢҮЛ ООРУТКАН АДАМДЫ ЧАКЫРУУ ДЕГЕНДИ ТҮШҮНДҮРӨТ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️