Пример HTML-страницы

ЖАЛГЫЗДАРГА СЫН АЙТПА! 

https://kyrgyzcha.site/?p=58068&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖАЛГЫЗДАРГА СЫН АЙТПА!

ЖАЛГЫЗ

🔹түйшүк тартуу,

🔹балдарды чоңойтуу,

🔹көз жаш төгүү,

🔹өзүңдү коргоо,

🔹үй-бүлөңдү жалгыз озун каржылоо кандай экенин түшүнбөй туруп, ЖАЛГЫЗДАРГА СЫН АЙТПА!

 

♦️Жалгыз адамга, тынымсыз сын айтуу менен жашооңо, жалгыздыкты чакырып аласың. Ал ууру сыяктуу байкатпай, жашооңдон гана эмес, жан -дүйнөңдөн орун алат.

 

Мына ошондо уй-бүлөң бар туруп, жан — дүйнөң жалгызсыраган кандай оор экенин сезесиң.

 

♦️Себеби Жаратканым,

ЖЕТИМ менен ЖЕСИРЛЕРДИН Кудайы. Алардын жалгыз болгонун көрүп, аярлайт.

Жалгыздарды, тил менен кордогондорду жактырбайт.

 

♦️Жалгыздын жан-дүйнөсүн, бир гана Жаратканым түшүнө алат. Ыйлаганда сооротуп, күчтүү болууга жардам берет. Ага акырын кастык кылууну каалагандардын жолун тороп, коргоп жүрөт. Бирок, жалгыз адам бул сүйүүнү көп учурда байкабай калат.

 

♦️Сыртынан жылмайып сыр бербей, түнү жалгыз, жаздыкты кучактап ыйлаган жүрөгүн көрүп, Кудайым жалгыздарга ырайым кылат жана аларды адашып баскан жолдорунан жетелеп өтөт. Бирок жалгыз адам, бул сүйүүнү да байкабай калат.

 

♦️Жаратканым, жалгыздарга кылган ырайымы жана жардамы үчүн өкүнүп, алар менен эсептешпейт. Өмүрү өткөнчө, жалгыздын коргоочусу болот. Себеби,

ЖАЛГЫЗ БОЛУУ ЖАКШЫ ЭМЕС экенин абдан жакшы түшүнөт.

 

♦️ Жалгыз болгонуна карабай, бактылуу жашоого үйрөтөт. Жетим балдарын сүйүп, ӨЗҮНҮН СҮЙҮП ЖАРАТКАН ПЕНДЕСИ экенин унутпайт. Кара ниет адамдардан коргоп, ар бир кадамын жетектеп жүрөт.

 

♦️Жаратканым, жалгыздарга жыгылууга жол берет. Жашоосундагы кыйынчылыктар аркылуу акылга келтирип, аларга

🔹алданбай,

🔹️басынбай,

🔹көңүлүн чөгөрбөй,

🔹максат коюуп,

🔹тирүү үмүт менен жашоого үйрөтөт.

 

Ошондо жалгыз адам, шериги бар адамдардан да күчтүү экенин көрууго болот. Кимдер басынтып, шылдыңдап жүргон болсо, алардын алдында жалгыз жанды бийик көтөрөт жана жалгыздарга көз каранды кылып коет.

 

♦️Эч качан жалгыздарга сын айтпайлы. Кандай себептер менен жалгыз калбасын, аларга сын айтууга акыбыз жок!!!

Жаратканым Өзү

🔹 жалгыз менен сүйлөшүп,

🔹аны жолго салып,

🔹 батасын берип,

🔹көз жашын аарчып, бизден да БАКТЫЛУУ жана БАТАЛУУ кылып коюуга кудурети жетет.

 

Жалгыз жандар, асылдарым. Жалгызсырап ыйлабаңыздар. Жалгыз эмессиз. Сиздин КОРГООЧУНУЗ баарынан күчтүү. Сиз дагы кучтуусуз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE