Пример HTML-страницы

ЫСЫК КУМ-ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАРГА ШЫПАА.

https://kyrgyzcha.site/?p=59908&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЫСЫК КУМ-ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАРГА ШЫПАА.

 

Жайдын аптабында көл жээгиндеги ысык кумга көмүлүп жатуу кандай ырахат. Буга чейин кумга көмүлүүнү эс алуунун бир түрү катары карап келген болсоңуз, мындан ары аны ден соолугуңузду чыңдоочу дары катары кабыл алыңыз. Анткени учурда көлдүн жээгинде эле эмес, атайын салондордо, дарылоо борборлорунда кум менен дарылоо курстары жүрөт. Дарылануунун бул жолун колдонуудан мурда кум менен кантип дарыланууга болот, кандай ооруларды айыктырат, кум менен туура дарылануу тууралуу кенен маалымат алып алыңыз.

 

Ысык кум менен дарылоону илимде псаммотерапия (грек сөзү, psammo – кум, therapia – дарылоо) деп аташат. Кум денедеги ооруну өзүнө тартып алат деп байыркы убакта эле кум менен дарылоо ыкмасын колдонушкан. Кийинчерээк окумуштуулар кумдун адамдын ден соолугуна бир топ пайда алып келерин аныкташкан. Анын курамында кварц, слюда, кремний оксиди, кальций, калий, магний сыяктуу минералдык заттар бар. Ысык кум организмге үч түрдүү таасир тийгизет: жылуулук, механикалык жана химиялык. Бул таасирлердин негизинде:

 

– Дененин бардык тарабы бирдей жылып, булчуңдар менен ткандардагы кан айлануу жакшырат;

 

– Тери укаланып, тазарып, жашарып, кычкылдандыруучу процесстер стимулдашат;

 

– Ашыкча салмак жоголот, тагыраагы бир эле жолу сеанс жасоо менен 1 кг салмак таштоого болот;

 

– Тер көп бөлүнүп чыгат;

 

– Бөйрөктүн иштеши нормалдашат;

 

– Денедеги ар кандай ооруксунтуулар басаңдайт;

 

– Спайка менен денедеги тырыктар жоголуп, организмдеги зат алмашуу процесстери күчөйт;

 

– Карындын, карын астындагы бездин иштеши жакшырат.

 

 

 

Кайсы ооруларды айыктырат?

 

Сөөк оорулары (омуртка, рахит, подагра, радикулит);

 

Неврологиялык оорулар (невралгия, неврит);

 

Тери оорулары (нейродермит, псориаз);

 

Дем алуу жолдорундагы айрым оорулар;

 

Ткань жана булчуңдардын сезгенүүсү (миозит, бурсит);

 

Зат алмашуунун бузулушу, организмди май басуу;

 

Жүрөк-кан тамыр оорулары;

 

Гинекологиялык оорулар (жыныс органдын сезгенүүсү);

 

Тамак сиңирүү органдарынын өнөкөт оорулары;

 

Балдардын экссудативдүү диатез, аллергия оорулары;

 

Шал, остеохондроз, инсульт.

 

 

 

Дарылоо кандайча жүрөт?

 

Эртең менен суунун жээгинен шамалдан алыс жерди тандап алып, боюңузга жараша чуңкур казыңыз. Күндүн он алтынчы саатынан кийин, тагыраагы, күндүн экинчи жарымында кум 60 градуска чейин ысыйт. Ошондо денеңизди кургак сүлгү менен сүртүп казылган жерге чалкаңыздан жатыңыз. Бирөө үстүңүздөн 10-12 см калыңдыкта кум менен көмсүн. Көкүрөгүңүз 5-6 см, ичиңиз 1-2 см, колдоруңуз 10 см калыңдыкта болушу керек. Башыңыз менен жүрөктүн аймагы ачык калып, бирок башыңыз көлөкөдө болушу керек. Дарылоонун узактыгы 30 мүнөт. Ал эми жаш балдар жана карылар үчүн 15 мүнөт. Бул сеансты күн ара кайталаңыз. Процедуранын орточо саны 17-20. Кум менен дарыланган соң дароо сууга түшпөй, 20 мүнөттөй көлөкөдө олтура туруңуз. Андан соң суусу 36-37 градус болгон душ кабыл алып, кийинип, 40-60 мүнөт күнгө чыкпай туруңуз. Эгер кум нымдуу же анча ысык эмес болсо, кум менен дарыланбай эле койгонуңуз жакшы. Дарылоого чоң таштары, таштандылары жок таза кум гана керектелет.

 

 

 

Кимдерге сунушталбайт?

 

– Өпкөнүн кургак учугу, эпилепсия, гипертония, ар кандай жугуштуу оорулар менен ооругандарга;

 

– Оорусу күчөп кеткендерге;

 

– 3 жашка чейинки балдарга;

 

– Этек кир убагында жана анын келиши жакындап калганда;

 

– Эндометриоз, мастопатия, жатындын миомасы, аналык бездин гормоналдык бузулуусунда;

 

– Жылуулук процедуралары сунушталбаган учурда;

 

– Жүрөк кемтиги, атеросклероз менен ооругандарга.

 

 

 

Үй шартындагы псаммотерапия

 

Үй шартында ысык кум менен бардык мезгилде дарыланса болот жана бул ыкма эң жөнөкөй. Ал үчүн көлдүн же дарыянын жээгинен кум алып келип шагыл, таштарын тазалайсыз. Электен өткөрүп, жакшылап жууп, меште же духовкада 115-120 градус температурада 1,5 саат кызытасыз. Муздагандан кийин таза идишке салып коюп керектүү өлчөмдө кум ваннасын же кум грелкасын жасасаңыз болот.

 

 

 

Кум ваннасы

 

Кумду 45-50 градус температурадагы духовкада ысытып туруп дагарага же жыгач ящикке саласыз. Ага бутуңузду же денеңиздин башка ооруган бөлүгүн коюп, үстүнөн одеял жаап коёсуз. Кумдун калыңдыгы 15-20 см болсун. Бул процедуранын узактыгы 20-30 мүнөт. Дарылоо курсу 15-30 процедураны түзөт.

 

 

 

Кум грелкасы

 

Кумду грелка түрүндө колдонуу үчүн аны духовкада же көмөч казанда 55-60 градус температурада ысытып аласыз. Андан соң капка керектүү өлчөмдө салып оозун байлайсыз. Ооруган жерге коюп, моюн орогуч менен бекемдеп 30-40 мүнөт турасыз. Бул процедураны күн сайын жасасаңыз болот. Дарылоо курсу 15-20 процедураны түзөт.

 

Эскертүү: Кум менен өз алдынча дарылануудан мурда дарыгердин көзөмөлүнөн өтүңүз. Дарылоо учурунда жүрөк бат согуп, өзүңүздү жаман сезип баштасаңыз, процедураны дароо токтотуп, жүрөктүн аймагына муздак компресс жасаңыз. Биринчи сеанстан кийин ооруп, башыңыз айланса да кум менен дарылоо сиз үчүн эмес. Андыктан бул учурда дарылоону улантпаңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE