*ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОРГО ТАТЫКТУУ ЖООПТОР*
?Аябай семиз аял автобуска чыкса, жүргүнчүлөрдүн бири:
— «Пилдерда автобуска чыгаарын ушул күнгө чейин билбептирмин» — дейт.
Анда жанагы аял мыйыгынан күлүп, сылыктык менен:
-«Жоок мырзам, бул автобус Нух пайгамбардын кемеси сыяктуу. Ага пилдер да эшектер да түшө берет»- деп жооп кайтарат.
☘️Атактуу жазуучулардын бири Бернард Шоуго, текеберденген жазуучу:
— «Мен сенден жакшыраакмын. Анткени сен акча үчүн, байлык үчүн чыгарма жазасың, а мен болсо атак-даңк, кадыр-барк үчүн чыгармаларды жазамын»- дейт.
Бернард Шоу: -«Ооба,туура айтасың! Ар ким өзүндө жок нерсени издеп жазат»- деп жооп берет.
?Башшар бин Бирд деген көзү азиз кишиге, адеби начар бир адам:
-«Алла Таала кайсы адамдын көзүн сокур кылса, анын ордуна сөзсүз башка бир жакшылык берет дечү эле. Сага Алла Тааладан кандай жакшылык берилди?»- дейт.
Башшар: -«Сен сыяктуу жагымсыз, өңү суук адамдардын жүзүн көрбөө бактысы берилди»- дейт.
?Бир көзү азиз адам үйлөнөт. Аялы күндө күйөөсүнүн кулагын кагып:
— «Эгер сен менин сулуулугумду көргөнүңдө таң калмаксың»- дей берет.
Күйөөсү: -«Эгер сен чын эле өзүң айткандай сулуу болгонуңда, көзү көргөн эркектер сени мага калтырмак эмес».
?Британиялык семиз министр, арык-тору Бернард Шоуго:
-«Сени көргөн адам, Британияда тамак-аштын кризиси болуп жатыптыр — деп ойлоп калат»-дейт.
Бернард министрге карап: -«Сени көргөн адам кризистин эмне себептен болуп жатканын түшүнөт»дептир.
?Бир киши бир аялды көрүп ага: -«Сен аябай сулуусуң!» — дейт.
Аял:- «Эгер сенда сулуу болгонуңда сага да ушул сөздү айтмакмын»- дейт.
Киши: -«Эч нерсе эмес, мен сени алдаган сыяктуу, сен дагы калп эле сулуусуң деп койсоң боло берет»- дейт.
?Бир аял төрт эшекти алдына салып айдап келе жатса, жанынан өтүп бараткан эки жигит мыскылдап:
— «Кутман таң эшектердин энеси!» — дегенде,
ал аял: -«Кутман таң балдарым!» — деп, жооп берип жолун улаган экен
☘️Карылыктан бели эңкейип (көрүнүшү жаа сыяктуу болуп) калган киши көчөдө баратса, жаш жигит шылдыңдап:
— «Жаа канчадан о ата?»- дейт.
Абышка: -«Алла өмүр берсе, сага да бекер берилет»- дейт.
?Бир ач көз киши падышанын алдында тамактанат. Анын ач көздүк менен козунун этин жеп жатканын көргөн падыша: -«Эмне мынча ач көздөнөсүң, же сени козунун энеси сүздү беле?»- дейт. Ач көз киши: -«Эмнеге бооруң ооруп жатат,
же сени козунун энеси эмизди беле?».
?Апенди эшегин минип, айыл аралап баратса, бир киши:
-«Сизди эшегиңизден эле тааныйм»- дейт.
Апенди: — «Ооба, эшектер бири-бирин жакшы тааныйт».