Узак өмүр сүрүүнү бардык эле адамдар каалайт. Бүгүн көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болгон узак өмүр сүрүүнүн сегиз шартына назарыңыздарды бурабыз.
1. Адам баласы азыктана турган тамак-аштар көп түрлүү болуп, аз-аздан пайдалануу керек. Анткени, адамдын денесин чыңдоодо тамак-аштын кырктан ашык түрү керек. Азыктык заттардын өлчөмүн өз калыбында кармоо үчүн адам баласы күн сайын мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, дандарды, этти, жумуртканы, айранды, сүттү, балыкты ж.б.азыктарды аз-аздан пайдаланууга туура келет. Өзгөчө бул тартипти орто жаштан өтүп калган же улгайган (60 жаштан жогору) адамдар колдонсо туура болот. Бул жаштагы адамдарга көп жылуулук бере турган, бирок азыктык заты аз болгон тамак-ашты пайдалануу керек. Бул учурда малдын майын, майлуу тамакты, кантты, кумшекерди аз пайдаланып, ал эми спиртти, аракты, винону такыр эле пайдаланбай койгон оң. Буларды көп пайдаланган адамдын каны алмашылып, кан басымы оорусуна чалдыгат да толуп кетет.
2. Адам баласы өзүнүн салмагы 25 жашта кандай болсо ошондон ашпаш керек. Эгерде салмагы жогорулап кетсе, анда гимнастика жасап, денесин чыңдашы керек. Деги эле орто жаштан жогорулаганда дайыма дене тарбия ойноп туруунун мааниси өтө зор болот.
3. Орто жаштагы жана улгайган адамдар балыкты, койдун этин, буурчакты, кургатылган азыктарды көп пайдаланып, ал эми майлуу тамак-ашты, каймакты, малдын жана сары майды азайтууга туура келет.
4. Жашы 40тан ашкан адамдын көпчүлүк учурда ичи көөп турат, бул да бир өзүнчө өнөкөт оору болуп эсептелет. Мындан тышкары болуш үчүн дайыма курамында крахмалы көп болгон жаңгак, мөмө-жемиш, жашылчаларды жетиштүү колдонуп турууга туура келет.
5. Жашы улгайган адамдар мүмкүн болушунча таттууну (кант, кумшекер, набат, момпосуй) аз жеп, бул учурда натрий элементтери аз болгон тамак-ашты пайдаланып жүрсө жакшы жардамы тиет.
6. С пирт ичимдигинде көп өлчөмдө жогорку калория болгону менен анын азыктык өлчөмү өтө эле аз болот. Ошондуктан, ичкиликти аз ичүү керек. Арак ичимдигин такай, көп ичкен адамдардын тамакка табити жакшы тартпай калат. Мына ушунун натыйжасында тамактануунун нормасы азаят да, адам баласына керектүү болгон витаминдерди жок кылат, минералдуу заттардын жетишпестигин пайда кылат. Ичимдикти такай ичкен адамдын ден соолугу акырындык менен бузула баштайт, өзгөчө нерв системасы бузулат. Боор начар иштеп, таңдай, кекиртек рагын пайда кылышы мүмкүн.
7. Дене тарбияны жасоо ар бир кишинин колунан келет. Муну өзүнүн алдына милдет катары да коюп алса болот. Анын себеби кичине кезден тарта дене тарбия жасап жүрсө, анын ден соолугу чың болору талашсыз.
8. Адам баласынын дайыма эмгектенип туруусу өмүрдүн узарышына чоң өбөлгө түзөт. Эмгек — бул кан басымынын бузулушуна жол бербей, кандын айланышын жакшыртып, өпкө, жүрөк ооруларынан, толуп кетүүдөн келип чыккан ооруларды азайтат. Теринин азыктанышын жакшыртат, нерв системасынын иштешин дайыма өз калыбына келтирип турат, адамдын организминин жашоо күчүнүн жакшырышына дайыма өбөлгө түзөт.
Кол менен эмгектенген адам, ойлонуу же үстөлдө отуруп эмгектенген адамдан айырмасы болот. Бирок, үстөлдө олтуруп эмгектенген адамдар дайыма дене тарбия жасай турган болсо, алардын да ден соолугу чың, өмүрү узун болот.