Пример HTML-страницы

УКТАП ЖАТЫП ТИШ КЫЧЫРАТУУ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

https://kyrgyzcha.site/?p=59911&preview=true Пайдалуу кеңештер.

УКТАП ЖАТЫП ТИШ КЫЧЫРАТУУ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

 

Уктап жаткан абалда тишти кычыратуу медицинада бруксизм деп аталат. Дүйнөлүк статистика боюнча, калктын 3 пайызы тиш кычыратуу илдетинен жабыркап келет. Бул жагымсыздык кичинекейлерди эле эмес, чоң адамдарды да кыйнап келет.

 

 

 

Эмне үчүн тишти кычыратышат?

 

Невролог жана психотерапевттер “адам катуу стресс алганда, дайыма ачуулуу жана уруш-талаштын үстүндө жүргөндө, ичегисинде курт пайда болгондо тишин кычыратат” дешет. Адамдын ичегисинде пайда болгон гельминттер нерв системасына керектүү В тобундагы витаминдерди жеп салат да, жыйынтыгында тиш кычыратуу башталат. Тиш кычыратуу 1-2 мүнөткө созулуп, бир түндө 2-3 жолу же андан да көп кайталанат. Ага жогорудагыдан тышкары төмөнкү себептер да таасир этет:

 

— Туура эмес коюлган пломба же тиштердин жетишсиз калыптанышы

 

— Протез тиш же туура эмес салынган брекет

 

— Өнөкөт жана катуу чарчоо

 

— Нерв системасынын ишин дүүлүктүрүүчү заттарга кирген кофеин, тамекини жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу

 

— Жаактын туура эмес калыптанышы же жайгашуусу

 

— Талма оорусу

 

— Кичинекейлердин тиши өсүп келе жаткан учурда

 

 

 

Кантип алдын алса болот?

 

– Тиш дарыгерине барып текшерилсеңиз, ал сиздин тишиңизди кычыратарыңызды тез эле билип коёт. Эгер сиздин тишиңиз салма тиш болсо. Анткени тиштин кабыгынын формасы жана көлөмү өзгөрүп калат. Кыскасын айтканда, тиштин кабыгы кыскарып анын чет жактары бирдей болбой калат.

 

 

 

Тиш кычыратуунун терс таасирлери;

 

Жаак сөөктөрүн ооруга учуратат;

 

Тишти курчап турган эмалынан ажыратат;

 

Тиштин түбүнө кариес топтолуп таштар пайда болот да, тиш бүйлөдөн бошоп шалкылдай баштайт. Убагында дарылабаса, тиштер түшүп калуусу толук мүмкүн.

 

 

 

Тиш кычыратуудан кантип кутулса болот?

 

Бруксизмди дарылардын алдында анын келип чыгуу себебин аныктап алуу керек. Андан кийин гана дарылоо сунушталат. Эгер тамакты жакшы чайнай албай, пломбада көйгөй бар болсо, анда тиш дарыгерине, ортодонтко же ортопедге кайрылуу керек.

 

Эгер тиш чайноо же кычыратуу стресстен улам болсо, анда сизди өзүңүздөн башка эч ким дарылай албайт. Ал үчүн жатар алдында чайноо булчуңдарын, моюн булчуңдарыңыз менен бирге ийниңизди укалаңыз. Бул ыкма жардам бербесе, чайноо булчуңдарын эс алдыруучу атайын калып менен шинди жатар алдында 2-3 ай кийип жатуу зарыл. Аталган буюмдар булчуңдардын эс алуусуна шарт түзүп уктап жаткан абалда тишти кычыратпоого жардам берет.

 

Болбогон эле ишке кайгырып көп нерв боло бербей, өзүн колго алып, кандай гана окуя болбосун, тынчтыкты сактоо керек. Эс алганды билүү кажет.

 

Уктоого туура даярдык көрүү керек. Уктар алдында тоё жеп албоо зарыл. Колдон келсе чай жана кофенин ордуна бир алма жеп алганыңыз оң. Андан соң терең дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо менен жаак булчуңдарын эс алдырыңыз жана нерв системасын тынчтандырыңыз.

 

Жатар алдында күн сайын жылуу сууга салынган жүз аарчыны жаагыңызга жарым сааттан басып туруңуз. Акырындык менен жаак булчуңдары калыбына келип ага көп күч келбей калат.

 

Жогорудагы ыкмалардын бири дагы жардам кыла албаган учурда миорелаксант деп аталган ботоксту сайдырсаңыз болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE