ҮЙ ШАРТЫНДА ЖАШАРТУУЧУ МАСКАЛАР

https://kyrgyzcha.site/?p=53066&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ҮЙ ШАРТЫНДА ЖАШАРТУУЧУ МАСКАЛАР

 

Жумуртка менен бал кошулмасынан маска (кургак тери үчүн)

 

Бир жумуртканын сарысы менен 1 чай кашык балга бир чоң кашыкта талкан кошобуз. Бул масканы жүзүбүздө 15 мүнөт кармап, андан соң кайнатылган муздак суу менен жууп салабыз.

 

 

 

Банан маскасы (кургак тери үчүн)

 

Банандын жарымын аарчып, майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, жумуртканын сарысы, бир чоң кашык айран жана 2 чай кашык бал менен аралаштырабыз. Бул аралашманы 20-25 мүнөт кармоо зарыл.

 

 

 

Алма маскасы (майлуу тери үчүн)

 

Жашыл алмадан эки кашык пюре даярдап, ага бир чоң кашык зайтун майын кошобуз. Бул масканы бетте жарым саат кармаган соң алгач жылуу суу менен, андан кийин муздак суу менен жууп салабыз. Алмадан тышкары банан, кулпунай, малина, авокадо ж. б. азыктардан да үй шартында маска жасасаңыз, жыйынтыгы сизди кубандырбай койбойт.

 

 

 

Ромашка маскасы (майлуу жана көйгөйлүү тери үчүн)

 

Дарыканада сатылуучу кургатылган ромашка гүлүн сууга чылап, ширесин алабыз. Таза, жумшак сүлгүнү ширеге малып бетке 3 жолу аралыгын 5 мүнөттөн кылып жабабыз. Бул масканы жумасына 2-3 жолудан 1 ай жасоо сунушталат.

 

 

 

Зайтун майы

 

Көздүн айланасына түшкөн бырыштардан арылуу үчүн элдик медицинада зайтун майы кеңири колдонулат. Аны күн сайын жатардан 10 мүнөт мурда көздүн астына сүйкөп туруу керек.

 

 

 

Алоэ ширеси

 

Алоэнин ширесин сыгып алып көздүн астына сыйпоо менен бырыштын алдын алууга болот. Муну жумасына 2-3 жолу 10 мүнөттөн жасаңыз, натыйжасын берет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️