Үй иштерине пайдалуу кеңештер

https://kyrgyzcha.site/?p=54700&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Үй иштерине пайдалуу кеңештер

 

Үй иштеринде абайсыз болгон учурда оңой ыкмасын табууга болот.

 

1. Жаңы алган шыпыргыны узак колдонгуңуз келсе, туздалган ысык сууга 2-3 саатка салып коюңуз.

 

2. Шкафтагы жагымсыз жыттан арылуу үчүн ал жерге табигый кофени коюп коюңуз.

 

3. Ашкана бөлмөсүндөгү үстөл сүрткөн чүпүрөктүн майын тез кетирүү үчүн аны жуурдан мурда бир аз уксус кошулган жылуу сууга салыңыз.

 

4. Эгер колуңузга абайсыздан «Момент» клейин төгүп алсаңыз, аны маргарин менен оңой кетирүүгө болот. Клей төгүлгөн жерге сүйкөп, бир нече мүнөт күтсөңүз болду.

 

5. Үйүңүздө жагымдуу жыт чыгып турсун десеңиз, лимон кабыгын бир нече мүнөт кайнатыңыз. Бөлмөлөргө жыпар жыт ылдам тарайт.

 

6. Ашкана бөлмөсүндөгү сүлгүлөрдүн майы тез жуулушу үчүн аларды жатар алдында бир түнгө айранга салып коюңуз.

 

7. Пластик идиштерге жуккан майлуу тактарды жөнөкөй тиш пастасынын жардамы менен кетирүүгө болот.

 

8. Жез идиштерди туз менен жышып, уксус чачып, бир аздан кийин жусаңыз, жаркырап чыга келет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️