ҮЙ-БҮЛӨДӨ КАЧАНЧЫ БАЛАСЫЗ?

https://kyrgyzcha.site/?p=49629&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ КАЧАНЧЫ БАЛАСЫЗ? БИЗ СИЗ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ АЙТА АЛАБЫЗ!

 

Балким сиз уккандырсыз, үй-бүлөдө бала жалгыз болсо адатта алар өжөр, көк болот, ал эми балдардын төрөлүү ирээти алардын кандай адам болуп чоңоюшуна таасир берет. Бүгүнкү күндө психологдор бир чечимге келишпесе да талашсыз фактылар бар. Биз ал жөнүндө сөз салабыз.

 

Адамдын кийинки тагдырына алардын төрөлүү ирээти кандай таасир берээрин эчактан бери эле изилдеп келишет, ошондуктан ар кимдин ою ар башка.

 

 

 

 

Чынында, төрөлүү ирээти эмне айта алат?

 

Кээ бир эксперттердин ою боюнча, үй-бүлөдөгү жалгыз балдар чоң адамдардай болуп чоңоюшат – акыр-аягы аларды дайым улуу адамдар курчап турушат! Адамдын алып жүрүүсүн изилдеген адис, доктор Гейл Гросс, жалгыз балдарда өз алдынчалык так көрүнөт дейт. Жалгыз балдарда ойногонго дос болбойт, ал болсо өз алдынчалыкка жана эптүүлүккө түртөт.

 

Ошондой эле, кээ бир адистер, өз алдынчалык кийин башка балдар менен тил табышууда кыйынчылык жаратат деп эсептешет.

 

Баары ушундай айтат, чынбы?

 

 

Биринчи төрөлгөндөр бир нерсеге жетүү үчүн баарынан көп умтулат. Таанышпы?

 

Көпчүлүктүн оюнда, чоң адамдар биринчи балага көп көңүл бургандыктан, алардан жоопкерчиликтүү адамдар чыгат деп эсептешет.

 

Менин эжем мен төрөлгөнгө чейин ата-эненин алдында номер бир болгонун дайым айтчу. Анын оюнда, так ошондуктан ал дайым биринчи болуп турушу керек, мен төрөлгөндөн кийин дагы.

Биринчи төрөлгөндөр, бүлөдө кичүүлөр пайда болгондо өзүн дайым “начальниктей” алып жүрөт.

 

 

Ойлонуп көрсөңөр, алар эч качан башка балдарга баш ийип, уккан эмес. Алар үчүн баары түшүнүктүү болгон – эмнени кандай кааласа, ошондой болоору! Бирок жаңы ымыркай пайда болгондочу…

 

Доктор Гейл Гресс, бүлөдөгү экинчи балдар көбүнчө кайрымдуу жана ийкемдүү болушат, деп түшүндүрөт. Алар биринчи күндөн баштап башкаруучу номер бирге дуушар болушат, жана, балким, өз оюндагысына жетиш үчүн көбүрөөк аракет кылат.

 

Ошондуктан, доктор Гросстун оюнда, ортончу балдар эрежелерди сыйлап жана баалаганга макул болушат.

 

Туура го?!.

 

 

Кичүүлөрчү?

 

Кичүү балдарга эрежелер азыраак каралат, себеби ата-энелер биринчи баласына кылгандай ар бир майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бура бербейт.

 

Жыйынтыгында, кичүү балдар эркин ойлуу болуп чоңоюшат. Кээ бирлердин оюнда, бул кичүү баланы башкаларды өзүнө тартууга жана ишенимге кирүүгө жакын болуп чоңойгонго шарт түзөт, анткени ата-эненин назары улууларындай болуп автоматтык түрдө келген эмес.

 

Таң калыштуусу, кичүү балдар бейкам жана шайыр болуп чоңоюшат

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️