Пример HTML-страницы

Turmush: «Жамгыр жааган сайын жер төлөгө суу толот»: Шаардыктардын көкөйгө тийген көйгөйү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Авиценна көчөсүнүнүн 20а дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнө жыл сайын катуу жааган жаандан улам суу толуп, бирок, эч бир жетекчилик көңүл бурбай жатканына жашоочулар нааразычылыгын айтып чыгышты.

Жергиликтүү тургун Сталбек Акматов бул көп кабатуу үйлөр 2010-жылы Ош—Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулганын, 2016-жылы Ош шаардык мэриясы өз балансына алып, мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык негизде берилгенин айтып, жашоочулардын нааразычылыгы эмнеден улам болуп жаткандыгын түшүндүрдү.

«Авиценна көчөсүндө көп кабаттуу үйдөн төртөө курулуп, мамлекетиик кызматкерлер бөлүп төлөө жолу менен алышкан. Үйдүн алды асфальтталган эмес, шагыл төгүлгөн бойдон турат. Балдар аянтчасы жок. Эшиктен чыкканда эле унаа өтүүчү жолго чыгабыз. Канализациялар тез-тез толуп калат. Аны го жашоочулар өзүбүз тазалатып турабыз. Негизги көйгөйүбүз — жамгыр жааган сайын жер төлөдө толуп калган суу болуп жатат. Былтыркы жылы мэрияга кайрылганбыз. Бирок натыйжа жок. Суу кирет, бирок чыгып кете турган латоктор жок, асты бетон. Кайда сиңип кетет билбейбиз», — деди С.Акматов.

Ошол эле көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Искендер Бегматов былтыр мэриядан кызматкерлер келип, латок куруп бергенин, бирок, ал да толуп калганын айтты.

«Жамгырдан кирген сууга чыгып кете турган жол жок. Жанына дагы башка компания үй куруп, ошолор тосуп койгон. Толгон суу дубалдардын сапатын бузуп, 1-кабаттагы үйлөргө да ным урат. Бүгүн дагы мэриянын ипотекалык ишканасынын кызматкерлери келип, бир катар тендерге коюла турган иштери бар экенин айтып кетишти», — деди И.Бегматов.

Ал эми Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башкы адиси Төлөгөн Ашимов мэрияга кайрылуу жасаларын, мэрия кандай жол көрсөтсө ошондой иш аткарыла тургандыгын гана айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE