ТОЙ МАДАНИЯТЫ тууралуу.

https://kyrgyzcha.site/?p=37088&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ТОЙ МАДАНИЯТЫ тууралуу

Той көбөйүп, жадатканы менен, маданиятыбыз эч өөрчүбөдү.

Той ээси ойлонуп, жети өлчөп, бир кесип чакыргандан кийин анын тандоосун Сиз сыйлашыңыз керек:

1. Тойго сөзсүз кечигип барасыз да, жүрүп жаткан тойдун залынын ортосунан кенен басып, өбүшүп учурашып жүрөсүз, мындай учурда акырындык менен залдын чети менен орундукка отуруш керек да, антрактта учурашыш керек☝

2. Той болуп жатканда, сыртка чыксаңыз ырдап жаткан же бийлеп жаткан адамдын жанынан өтөсүз, бул учурда залдын чети менен, эч кимге тоскоол болбой чыгыш керек☝

3. Тойго киргенде да, куттуктаганда да, кайырлашып жаткан учурда да той ээси менен кучакташып өбүшөсүз, причёсканы бузасыз, канчалаган адам өпкөн жерди өбөсүз, бул учурда акырындык менен колунан өөп, же кучактап.. же ызаттын башка түрүн кылган оң?

4. Сарпай кийгизип да жүдөтөсүз, кытайдын базарын кызытпай, ошончолук бергиңиз келсе, колуна өзүнчө акча карматканыңыз дурус.

5. Тойго бала ээрчитип аласыз, ооба бала ойносун: сүннөт тойдо, жентек тойдо. А бирок, бирөөнүн эсептелүү орундагы тойго алып барганыңыз Сиздин өзүмчүлдүгүңүз☝ Баланы да тынч отур дебестен залдын ортосуна, бутка илештиресиз, бала ыйлап калса, элдин көңүлүн алагды кыласыз…. Эгер шартыңыз болбосо, конвертиңизди берип жибериңиз да, үйдө бала карап отуруңуз, “нянка на час” деген кызматты пайдалансаңыз болот!

6. Бийлегенде өз теңиңиз менен кандай бийлесеңиз жарашат, бирок башка муунга сиз маскара болгондон алыс болуңуз!

7. “Пакет операциясы” болгондо, эркектер этияттагыла, мүмкүн болсо кары-картаңга, же жаш жубайларга берип койсоңуз сиз маданияттуулугуңузду көрсөткөн болосуз!

8. Той ээси бата тилеп чакырган соң, батаны берип, тойдон чыкканыңыз- бул маданияттуулугуңуздун, адамгерчилигиңиздин туу чокусу! Кайда болбосун, адегенде Өзүңүздү, анан башкаларды сыйлай билиңиз!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️