Теринин тилме оорусун дарыгерлер гана сакайта алат
Инфекциялык оорулардын ичинде теринин кызарып шишүүсү менен коштолгон «теринин тилме (рожа) оорусу» көп кездешкендиги боюнча төртүнчү орунда турат. Анын өнөкөт түрү майыптыкка алып келүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Нарынбек Айткулуев менен маек курдук.
— Айтыңызчы, теринин тилме оорусу деген эмне?
— Тилме дартында тери кызарып, сезгенип шишийт, аны стрептококк инфекциясы чакырат. Бул теринин бүтүндүгүнө доо кеткенде, бир жерин кесип же тытып алса, ал жерге инфекция келип түшкөндө пайда болот. Анын экинчи булагы адамдын организминдеги бездерде, баш сөөгүнүн көңдөйүндө «уктап жаткан абалдагы» стрептококк инфекциясы болушу мүмкүн. Өнөкөт тамак оору «тонзиллит» менен жапа чеккен адамдарда дагы бул инфекция дайыма жашайт. Ошентип, ал «уйку абалынан» ооруну чакыра турган L-формасына өткөндө теринин кыйма оорусу келип чыгат.
— Анын алгачкы белгилери кандай болот?
— Дарттын инкубациялык мезгили бир канча сааттан беш күнгө чейин созулат. Оору капыстан, курч башталат. Биринчи суткаларда стрептококк инфекциясы менен уулануунун белгилери кыйла айкын билинет, биринчиден адам катуу калчылдап чыйрыгат, дененин температурасы 39 — 40 градуска чейин көтөрүлөт, тамакка табити тартпай калат, башы катуу ооруйт, алы кетип шалдырап, куса берет. Ошондон кийин оорунун биринчи белгилери пайда боло баштайт. Мында буттун терисинин сезгениши биринчи орунда турат жана ал 70 пайызды түзөт, ал эми экинчи орунда, 27 пайызында бет жабыркайт, 2 пайызында болсо дененин башка бөлүктөрү жапа чегет.
— Оору өз ичинен кандай формаларга бөлүнөт?
— Толук адамдарда өтө катуу шишип кетет. Бул «эритематоздук (кызарган) форма» деп аталат. Оору башталгандан 6-12 саат өткөндөн кийин сайгылашкан, чыңалган мүнөздөгү оорутуу пайда болот, тери кызарып, сезгенген жер шиший баштайт. Дарттын очогундагы терини кол менен сыйпалаганда ысык, чыңалып турганы сезилет. Эгерде майда-майда чекиттер менен кан агып кеткен жерлер бар болсо, бул «эритематоздук-геморрагикалык форма» экендигин айтып турат. Ал эми шишиктин үстүңкү катмарында мөлтүрөгөн суу толгон бир же бир нече баштыкча пайда болсо, аны медицинада «эритематоздук буллёздук форма» деп атап коюшат. 2-3 жумадан кийин алар калың, күрөң кабыкчага айланып, күбүлүп түшөт. Ыйлаакчанын ордунда эрозия жана трофикалык жара пайда болушу мүмкүн. Бул оор формалардын бирине кирет. Дарттын жеңил түрлөрүндө дененин температурасынын жогорулашы 2-3 күнгө чейин сакталат, ал эми оор формаларында 10 күнгө чейин түшпөй турат. Оорунун абалы дененин температурасынын деңгээлине жараша өлчөнөт. Айрымдарда 37-38 болсо, кээ бирлери 39-41 градуска чейин жетет.
— Кыйма дартына кандай адамдар жакын келишет?
— Адатта аялдардагы эмчек рагында операция жасалганда колтуктагы лимфа бездери кошо алынат. Ошондо көкүрөктөгү лимфа суюктугунун айлануусу кескин түрдө бузулат. Мындай бейтаптарда көкүрөк терисинин тилме оорусу сөзсүз түрдө пайда болот. Ал эми дененин кайсы бөлүгүн болбосун жабыркаткан аталган дарт адамдын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч алып келбейт. Бул оорунун өлүмгө алып келген учурлары өтө сейрек. Адатта өтө картайган адамдарда эгерде ал башка дарттар, анын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары, иммундук системасынын төмөндөшү же өнөкөт оорулары менен коштолсо, стрептококк бактериясынын бүтүндөй канга таркап кетишинен улам көз жумушат. Мында кандын бузулушунун натыйжасында «сепсис» дарты пайда болот. Ошондой эле курч мүнөздөгү өпкөнүн сезгенүүсүн дагы күчөтөт, бул дагы өлүмгө алып келет. Оорулардын 60 пайызы эгерде өз учурунда медициналык жардам алышса биринчи ооругандан кийин эле таза айыгып кетишет. Ал эми 40 пайызында көп жылдарга чейин созулган өнөкөт түрүнө айланып кетет. Айрым адамдарда бул айына бир, жарым жылда бир, бир жылда бир жолу кайталанышы мүмкүн. Эң эле жаман жери илимде анын 3-4 күндө бир кармаган түрлөрү дагы бар экендиги аныкталган. Мындай учурларда бут кызарып шиший берип, пилдин буту сымал таркабаган чоң формага келет, бут кийим кийүү мүмкүн болбой, косметикалык чоң бузулууга алып келет. Ошентип, оору эмгекке болгон жөндөмдүүлүктү жок кылып, адамдар майып болуп калышат.
— Алдын алуу үчүн кандай чара көрүү керек?
— Биринчи кармаган түрүндө шишиги жанып, какыс айыгып кетет. Ал эми кан тамырлардын варикоздук кеңейип кетүүсү, буттардагы салаалардын арасындагы грибок оорусу, өнөкөт тромбофлебит дарттары менен жапа чеккен айрым адамдарда борбордук лимфа тамырларын көздөй кеткен лимфа суюктугунун, веналык кандардын айлануусу кескин түрдө бузулуп калат. Мындай адамдарда кыйма оорусу менен жапа чегүү коркунучу өтө жогору. Булар аны менен бир жолу ооруп айыккандан кийин деле кайта ооруп калышы ыктымал. Себеби, бул жерде лимфа суюктугунун айлануусу чоң роль ойнойт. Ошондуктан, анын алдын алуу максатында аталган дарттарды тез арада дарылап, көзөмөлгө алуу зарыл. Экинчиден, теринин бүтүндүгүн сактоого аракеттенүү керек. Аталган дарт менен жапа чегип айыккандарга алдын алуу максатында дарыгерлер айрым ооруларда алты айга чейин, айрымдарында бир жылга, кээ биринде эки жылга дейре ар бир 21 күндө тиешелүү дары каражаттарын ийне аркылуу куюп турушат. Бул дарттын белгилери байкалары менен сөзсүз түрдө кечиктирбестен, инфекционист-дарыгерлерге кайрылуу керек, болбосо «Тез жардам» чакыруу зарыл. Эч убакта өз алдынча дарыланып, же болбосо «бүбү-бакшы», «элдик дарыгер» дегендерге чуркап, күчөтүп алуудан сак болууну сунуштайбыз. Бул дартты медициналык дары каражаттарынын жардамы менен гана айыктырууга болот.