Пример HTML-страницы

Тердоо

https://kyrgyzcha.site/?p=50000&preview=true Пайдалуу кеңештер.

*********ТЕРДОО«*********

ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ»

 

 

 

Окумуштуулар адам баласы жашоосунда болжол менен 20 миң литрдей тер бөлүп чыгарарын айтышат. Тердин көбү жайдын аптабында чыкса керек. Денебизди нымдаштырып, жүзүбүздөн төмөн куюлуп жүдөтүп, ыңгайсыздык жараткан тердин пайдасы да бар. Ал тууралуу врач-дерматолог Жанара Байсеитова айтып берет.

 

ТЕР КАЙДАН ПАЙДА БОЛОТ?

 

Адамдын организминде болжол менен 2-4 миллионго чейин тер бездери жайгашкан. Тер дал ушул бездер аркылуу иштелип чыгат. Тер бездери алакан, таман, колтук жана маңдайда көп жайгашкандыктан, дененин бул бөлүктөрү көп тердейт.

Тердин эки түрү бар: экзокриндик – күн өтө ысыкта, кара жумуш жасаганда же спорт менен машыкканда бөлүнүп чыккан тер. Апокриндик тер – буга тер секрециясы жооп берет жана ар кандай жыт менен коштолот. Тердин курамы 98-99 пайыз суудан, калган бөлүгү калий жана натрий хлориди, мочевина кычкылынан жана башка татаал органикалык заттардан турат. Анын курамы, өлчөмү жана жыты ар бир кишиде ар түрдүүчө болот. Алсак, ачууланганда, стресс абалда жүргөн адамдын теринин жыты жагымсыз болот. Дагы бир кызыктуу факт, эркектер аялдарга караганда көп тердешет жана жыты башкача болот. Бул нерсе организмдеги микроорганизмдердин ар түрдүүлүгүнө жараша.

 

Адам ыңгайлуу шартта, тынч абалда турганда да организмден тер бууланып бөлүнүп турушу шарт. Болжол менен организм суткасына тердөө менен 500 миллилитр суу жоготот. Аба ырайы канчалык ысык болсо, ошончолук тер көп бөлүнүп чыгат. Андыктан күн сайын организмди суу менен толуктап туруу керек. Болбосо организм жабыркап, дем алуу, кан айлануу сыяктуу системдердин бузулушуна алып келет. Такай ысыкта жүргөндөр жана ага көнүп калгандар азыраак тердейт.

 

ТЕРДӨӨНҮН ОҢ ЖАКТАРЫ

 

Тердөө организмди өтө ысып кетүүдөн сактайт.

Тердөө организмдеги уулардын чыгышына жардамчы. Бул нерсе иммундук системди бекемдеп, уулар жаратуучу оорулардын алдын алат.

Тердөө 37 градустан жогорку температурада жашай албаган, теринин үстүнкү катмарындагы ар кандай вирустарды жана бактерияларды өлтүрөт.

Зат алмашууну активдештирет.

ТЕРДӨӨ КАЙСЫ УЧУРДА КҮЧӨЙТ?

 

Ысык жана ачуу тамак ичкенде

Суюктукту өлчөмдөн ашыкча ичкенде

Кара жумуш кылганда

Дене табы көтөрүлгөндө

Эмоционалдык абал, толкунданганда, кубанганда, ачууланганда, кыжырданганда

Нерв системинин функциялары бузулганда

Канда көмүртек кычкылы пайда болгондо

Кургак учук менен жабыркаганда

Витаминдердин жетишсиздигинен

Ашыкча салмак. Толук адамдар арык адамдарга салыштырмалуу жылуулукту көп чыгарышат. Анткени теринин алдындагы майдан улам тер көп бөлүнүп чыгат.

Канда кант өлчөмү азайса да терчилдик пайда болот. Мындай учурда тери муздап, жабышчаак болуп, чачтын түбүндө да жабышкаактык сезилет. Мындай учурда биринчи кезекте адамдын баш мээсине оор жүк түшөт.

Эндокринологиялык оорулар

Бөйрөктүн иштеши начарлаганда

Кош бойлуу кезде

Климакска кабылганда

Ашыкча тердөө оорудан кабар берет

Медицинада өтө эле ашыкча тердеген адамдарга гипергидроз деген диагноз коюлат. Ашыкча тердей берүүдөн улам тери оорулары да пайда болушу мүмкүн. Дене тердегенде бактериялар көбөйүп, бактериялардын бөлүп чыккан калдыктары жагымсыз жыт пайда кылат. Ошол эле убакта теринин коргоочу функциясы да бузулат.

 

ЭМНЕ ҮЧҮН АЙРЫМДАР ТЕРДЕШПЕЙТ?

Тердөө нормалдуу физиологиялык процесс болгондуктан адам сөзсүз түрдө тердеши керек. Тердин аз чыгуусу гормоналдык, кан тамырлардын ишинин жана зат алмашуунун бузулушунан улам же организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша болот. Тердин аз чыгышынан адам өзүн жаман сезет, чарчаңкы абалда болот, кыжырданат, уйкусун жана эс-тутумун жоготот. Ошондой эле тердебеген адам дерматоз, ихтиоз, чакалай, безгек ооруларына көп чалдыгат.

 

АШЫКЧА ТЕРДӨӨДӨН АРЫЛУУ ЖОЛДОРУ

Денени таза кармоо, тез-тезден жуунуп туруу, жылуу ванна кабыл алуу.

Ар түрдүү гигиеналык каражаттарды (дезодорант, антиперспирант, спрей, гель) колдонуу.

Чөп (шалфей, ромашка, череда) дарыларын, тундурмаларын ичүү, тундурмалары, кайнатмалары менен жуунуу.

Ботокс сайдыруу. Мунун таасири 6 айга чейин жетет.

Колтуктун алдындагы тер бездерди операция жолу менен алдыруу. Бул ыкма көбүнчө колтук астына жасалат. Жыйынтыгы жакшы болгону менен, тырык калат.

Дары-дармектер менен дарылоо (камфор спирти, салицил пастасы жана башкалар). Дарылоо дарыгердин кеңеши менен жүргүзүлүүсү шарт.

 

Ашыкча тердөө ар түрдүү олуттуу оорулардан улам болуп жатса, ооруну дарылоо шарт.

 

АЗ ТЕРДЕЙИН ДЕСЕҢИЗ…

 

Алкоголдук ичимдиктерден баш тартыңыз.

Кофе жана коюу чай ичүүнү азайтыңыз.

Химиялык кошулмалары көп тамактарды жебеңиз.

Стресс болбогонго аракет кылыңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE