Пример HTML-страницы

Түптө улак тарткан жаштар жердешин жоготуп алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Кичи-Өрүктү айылынын 32 жаштагы тургуну жайма улактан жаракат алып, ооруканада көз жумду.

Айыл тургундардын маалыматына караганда, жайма улак 18-март күнү Кудургу айыл өкмөтүнүн Ой-Тал жана Кичи-Өрүктү айылдарынын ортосундагы тай казанда уюшулган. Анда 1990-жылы туулган Р.А. аттан кулап, жылкынын туягы башын жарып кеткен.

«Кичи-Өрүктү жана Ой-Тал айылдарынын жаштары ар ай сайын улак тартыш мелдешин өткөрүп келишет. Тилекке каршы бул жолу кырсык менен коштолду. Р.А. аттуу тургун аттан кулап, жылкынын туягы башына тийип, тебелендиде калган.

Кырсык саат 17:00 чамасында катталган. Анан дароо эле Түп райондук ооруканасына жеткирилди. Ал жакка бара жатканда сүйлөп, ооруканага баргысы келбегенин айткан. Ооруканадан дарыгерлер башы жарылганын айтып, тезинен операция жасоо керектигин билдирип, облустук ооруканага жиберишти. Ошентип Каракол шаарындагы ооруканада түнкү саат 12:00 чамасында операция болуп, 19-мартка караган түнү көз жумду. Айылдашыбыз улак оюнуна көп деле кызыгып катышчу эмес», — деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Маркумдун артында келинчеги жана бир кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE