СУЛУУЛУКТУН СЫРЛАРЫНАН.

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true Пайдалуу кеңештер.

СУЛУУЛУКТУН СЫРЛАРЫНАН

    Назира Айтбекова:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Аял киши жумасына жок дегенде бир жолу үй шартында чачына маска жасап турушу керек. Бул анын чачынын сапатын жана табигыйлуулугун жоготпогонго жардам берет. Мындайда боёксуз жана консервантсыз маска катары кадимки бал колдонулат. Аны чачыңызга терең сиңире сүртүп, үстүнөн целлофан баштык жана сүлгү менен ороп жүрүп жарым сааттан кийин жылуу сууга жууп саласыз.

 

Жанета Бобкова:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Бетке тез-тез кара чекит түрүндөгү так түшө берген шартта аларды сыгып, ырбатып жибербей, жөнөкөй жол менен эле кетирип койгон жакшы. Ал үчүн бир чийки жумуртканын агы менен бир аш кашык шекерди аралаштырып, бетиңизге бир катмар кылып жабасыз. Анан кургаганча кол менен акырын массаждай берсеңиз, кара чекиттердин ичинде топтолгон заттар чыгып кетет.

 

Нэля:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Беттин терисин жакшыртуу үчүн алынган кремдер натыйжа бербей жаткандыгын айтып, нааразы болгондор көп кездешет. Андай болбош үчүн алгач кремди бетке сүйкөөнүн эрежесин билүү керек. Тагыраак айтканда, бетке сүйкөөр алдында кремди манжаларга сыгып алып бир аз турса ал дене температурасын өзүнө алат, андан кийин гана аны бетиңизге сыйпайсыз.

 

Гүлнур Сатылганова:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Кашты ысык душтан же мончодон чыкканда терсе оорубайт. Себеби, мындай маалда денедеги бардык клеткалар ачылып калат. Мындан улам каш дагы оңой жулунат.

 

 

Нуркыз Караева:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Колуңуздун териси эркектикиндей катуу, жагымсыз, анан кара болсо, аны күн ара кефирге 10 мүнөттөн матыра салып отурсаңыз бат эле жылмакай, жагымдуу жана ак болуп чыга келет.

 

 

 

Мээрим Мураталиева:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Буттун тердеши бактериялар менен грибоктордун көбөйүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Ошон үчүн эртеден кечке иштеп, буттан бут кийим чечпей чуркап жүргөндө кечкисин 2 аш кашык ашкана содасы кошулган жарым литр жылуу сууга бутту 5-10 мүнөт салып отурган жакшы.

 

 

 

 

 

Назира Бердигулова:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Мурдуңуз эки жакка жайылган болгон жагдайда аны кичирээк көрсөтүүнү кааласаңыз, бетиңизге ак, ал эми мурдуңуздун эки тарабына карараак түстөгү тоналдык крем коюп алсаңыз болот.

 

 

 

 

Лунара Мамытова:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Кирпиктер да кам көрүүгө муктаж болушат. Ошон үчүн аларга жумасына 1-2 жолу жатар алдында бадам, кокос жана оливка майынан же бул үчөөнүн аралашмасынан сүйкөп койсоңуз, кирпиктер бекем, табигый боло түшүшөт.

 

 

 

Алина Жетигенова:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Бетиңиз көп шишик тартса же шалбырап жагымы жок болуп турса, аны төмөнкү рецепттин жардамы менен калыбына келтирсеңиз болот. 1 чай кашыктан бал, крахмал жана сүттү аралаштырып бетке жабасыз да, 15 мүнөттөн кийин салкын сууга жууп саласыз. 4-5 сааттан кийин өз таасирин бере турган бул ыкманы конокко барарда колдонгон да натыйжалуу.

 

 

 

 

 

Адинай Кемелова:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Чачты боёгондон кийин айым каалаган түстө натыйжа бербей калган көрүнүштөр көп эле кездешет. Андай болбошу үчүн боёкту аралаштырган соң ага 3-4 тамчы өсүмдүк майын кошуп алган дурус.

 

 

 

 

 

Гүлнара Тойгонбаева:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Тырмактардын бекем, жакшынакай болушун, катмар-катмар болуп сынбашын кааласаңыз, анда кийинки тажрыйбаны колдоно жүрсөңүз болот. Алгач 2-3 аш кашык оливка майын идишке куясыз. Анан ага 2-3 тамчы медициналык йод менен 3-4 тамчы лимон ширесин кошуп, аралашмага манжаларды салып 10 мүнөт отурасыз. Аягында колду жылуу сууга чайкап коюу керек.

 

 

 

 

 

Анжелика:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Муздаткычта тоңдурулган сүт муздары менен күн сайын бир маал бетиңизди сүртүп турсаңыз, бетиңиздин териси бара-бара кургап кетүүсүн токтотот.

 

 

 

 

 

 

 

Замира Молдошева:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Коомдо табиятынан эле колтугу кара болгондор жана мындан уялып жүргөндөр кездешет. Аны агартуу жөпжөнөкөй, болгону 1 аш кашыктан бадыраң менен лимон ширесине 3 кичинекей тамчы медициналык куркумадан (дарыканада сатылат) кошуп колтукка сиңире сыйпайсыз да, жарым саттан кийин жууп саласыз. Натыйжа бергенче күн сайын же күн ара жасай берүүгө болот.

 

 

 

 

 

Гүлнара Калдарова:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Чачтын түшүүсүн токтотуучу жөнөкөй маска: туз менен оливка майын жакшылап аралаштырып туруп чач аралата сүртүп, 30 мүнөттөн соң жууп салуу керек. Бул ыкма өз таасирин бир канча колдонуудан соң берет.

 

 

 

 

 

Кундуз Канатбек кызы:

https://kyrgyzcha.site/?p=36763&preview=true

— Көздүн чарчаңкы тартып, сурманын шишиген абалын жазуу үчүн төмөнкү эрежени колдонсо болот. 2 чай кашык кыргычтан өткөрүлгөн чийки картошкага бир аз ун, сүт кошуп, анан бул аралашманы маска катары сурмага жаап, көздү жумуп жатасыз да 15 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️