Пример HTML-страницы

СОЯ СОУСУ

https://kyrgyzcha.site/?p=60429&preview=true Пайдалуу кеңештер.

СОЯ СОУСУ

Соя соусу – соя буурчагын сууга же бууга бышырып, ага буудай же арпа талканын, туз кошуп, ачытуу, тундуруу процесстеринен кийин алынган татымал. Ачытуу процесси 40 күндөн 2-3 жылга чейин жүргүзүлөт. Бул соус эмнеси менен пайдалуу? Аны кайсы тамактарга кошууга болот? Суроолорго жоопту төмөнкү макаладан таба аласыз.

 

ПАЙДАСЫ

Курамында 20дай баалуу амин кычкылдары, антиоксиданттар, В тобундагы витаминдер, кальций, темир, цинк жана башка макро жана микроэлементтер бар.

Соя соусунда холестерин жок. Арыктайм дегендер үчүн мыкты азык.

Антиоксиданттарга бай болгондуктан онкологиялык оорулардын алдын алат.

Курамында фитоэстроген бар болгондуктан климакс, этек кир келген учурда пайдалуу. Остеопороз, артрит, артроздун алдын алат.

 

ЗЫЯНЫ

Курамында туз көп болгондуктан бөйрөгүндө ташы барларга, гипертония менен жабыркагандарга жана семиздиктен жапа чеккендерге өлчөмүнөн ашыкча колдонууга болбойт.

Аллергия жаратышы мүмкүн. Өзгөчө 3 жашка чейинки балдардын менюсуна кошпоо керек.

Химиялык кошулмалар кошулган соус кош бойлууларда бойдон түшүп калуу коркунучун жаратат.

 

ТАНДОО

Соя соусун сатып аларда курамына көз жүгүртүңүз. Өндүрүүчүлөр буурчакты ачытуу процессин ылдамдатуу үчүн химиялык кошулмаларды, туз жана күкүрт кычкылдарын кошкондуктан ден соолукка зыянын тийгизиши мүмкүн.

Табигый жол менен жасалган соя соусунун курамында 4 эле нерсе болушу шарт: суу, соя буурчагы, буудай жана туз.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE