Пример HTML-страницы

СОГОНЧОК ЖАРЫЛСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

https://kyrgyzcha.site/?p=60440&preview=true Пайдалуу кеңештер.

СОГОНЧОК ЖАРЫЛСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

 

Согончоктун жарылуусу – жазында же жайында болуучу абдан жагымсыз көрүнүш. Бул баскан сайын оорутуп эле тим болбостон, жайкысын ачык бут кийимдерди кийүүңүзгө тоскоол болот. Ал тургай, канап кетиши да ыктымал.

 

Дегеле согончок эмне себептен улам жарылат?

 

Нымдуулугу азайып, тамандын териси өзүнүн серпилгичтигин жоготсо.

 

Бөйрөк, моюндагы без ооруганда. Мында согончок жыл бою жарыла берет. Демек, сөзсүз дарыгерге барып көрүнүшүңүз керек.

 

Таман тери оорусуна дуушар болсо.

 

Семиздиктен улам (бут ашыкча салмакты көтөрө албай, согончок жарылат). Канчалык кам көрсөңүз деле натыйжасыз болушу ыктымал. Андыктан арыктоо зарылчылыгы келип чыгат.

 

Организмге А жана D витаминдери жетишпегенде.

 

Ысык аба ырайынын, ыңгайсыз бут кийимдин, чаңдын, көлдүн туздуу суусунун, кумдун таасиринен улам.

 

Айыктыруу үчүн…

 

Көбүргөн самындуу ысык сууга бутту 10 мүнөт кармаңыз. Муну күн сайын кайталоо зарыл.

 

Чийки картошканы же пиязды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, целлофандын бетине шыбайсыз. Аны таза жуулган согончогуңузга жаап, сыртынан бинт менен ороп байлап коюңуз. Эч болбосо эки сааттан кийин гана чечүү керек.

 

Жатарда жаңы, ширелүү капустанын жалбырагын балка менен акырын ургулап жанчып, жумшартып алган соң согончокко жаап, сыртынан байпак кийип алыңыз. Эртеси эртең менен байпакты чечиңиз.

 

1 стакан сулу акшагын сууга ботко кылып бышырып, ага 2 аш кашык зайтун же жүгөрү майын аралаштырасыз да, аны целлофандын бетине сүйкөп согончогуңузга жабасыз.

 

Жарым стакан спиртке жанчылган 10 таблетка аспиринди, бир бөтөлкө йодду кошуп аябай аралаштырыңыз. Оозун бекем жаап, караңгы жерге коюп коюңуз. Муну жарылган жерге күндө сүйкөп турасыз.

 

Сүргүчтөн өткөрүлгөн сабиз менен балды теңме-тең өлчөмдө аралаштырып жарылган жерге жаап коюу кажет. Маска жатарда колдонулуп, эртең мененкиге чейин калтырылат.

 

* Жарылган жерди помидордун ширеси менен сүртүңүз.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE