Пример HTML-страницы

СКАКАЛКА ( СЕКИРТМЕ) МЕНЕН АРЫКТОО. АРЫКТООНУН ЭН ОНОЙ ТYРY!

https://kyrgyzcha.site/?p=60449&preview=true Пайдалуу кеңештер.

СКАКАЛКА ( СЕКИРТМЕ) МЕНЕН АРЫКТОО. АРЫКТООНУН ЭН ОНОЙ ТYРY!

 

 

Күн сайын скакалка менен 20 мүнөт ойносоңуз 200 калориядан арыласыз. Бул ыкма арыктоону каалагандарга эн натыйжалуу жана жеңил. Машыгуу залына баруунун кажети жок. Скакалка менен алектенүү арыктоого гана жардам бербестен целлюлитке каршы иштей турган жакшы каражат.

 

Скакалка ойноп бут мене белди идеалдуу формага алып келсе болот

 

Чуркоого убактыңыз жок болсо скакалка ойноп койсоңуз, жыйынтыгы бирдей эле болот. Базардан 20-150 сомго сатып аласыз. Каалаган учурда алектене берсеңиз болот. Бирок, тамактануудан кийин дароо баштабаңыз, 20 мүнөттөн кийин гана уруксат.

Скакалка менен алектенүү арыктоого гана жардам бербестен ден- соолукту да чыңдайт. Жүрөк- кан тамырдын иштешин, булчуңдардын абалын жакшыртат, организмден шлактарды бөлүп чыгарууга шарт түзөт, варикоздун алдын алат.

 

Туура скакалка тандап алыңыз

 

Скакалка сиздин боюңузга ылайыктуу келиши керек. 210 сантиметрдеги скакалка 152 см, 250 см скакалка-152-167 см бойго, 280см скакалка- 167-183см бойго ал эми 310 см скакалка 183 см бойдон жогорусуна туура келет.

 

Секирүү ыкмасы

 

Алгач, аз- аздан жеңил секирик менен баштаңыз. Биринчи күнү 50 жолу секирсеңиз болот. Андан кийин ага 20дан бир жума боюу кошуңуз. Андан кийин 500 жолу секирүүгө аракеттениңиз. Жыйынтыгы бир айга жетпей билинет. Бирок, бул ыкманы таштап салбай туруктуу жасап жүрүүнү улантыңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE