СИЗ УЯЛЧААКСЫЗБЫ?

https://kyrgyzcha.site/?p=44327&preview=true Пайдалуу кеңештер.

СИЗ УЯЛЧААКСЫЗБЫ?

 

Айрым адамдар уялчаактык сапатынан улам көп нерседен артта калып, кийин өкүнүчкө кабылышат. Бул көбүнчө кыздарга тиешелүү. Анткени көпчүлүк кыз бала болгондон кийин кичине уялып туруш керек деп ойлоп, ошондой тарбия бергенге аракет кылышат. Психология илими буга кандай карайт, анализдеп көрөлү.

 

 

 

Уялчаактыктын белгилери

 

1. Коркоктук. Мени башкалар түшүнбөйт, сунушумдан баш тартышат, талкууга алышат, колдобой коюшат деп корксо, демек, ал уялчаак. Бул көбүнчө биринчи жолу бир иш баштап жатканда, жаңы кийим кийгенде болот.

 

2. Өзүнө ишенбестик, өзүн төмөн баалоо. Адам өзүнө-өзү ишенбесе, жашоосунда көп нерсеге жетише албай калат жана бул сапаты уялчаактык сапатынын өнүгүшүнө себеп болот. Өзүн башкалардан ылдый сезүү да уялчаактыктын белгиси.

 

3. Көз карандылык. Өмүр бою башка жакын адамдарынан көз каранды болуп, натыйжада алардын ою менен иш кылып, маселелерин да өзү чече албай калат. Бул – уялчаактыктын өтүшүп кеткен түрү.

 

4. Түнттүк, өзүн ыңгайсыз сезүү. Дайым маанайсыз жүргөн, жаңы жамаатта, кээде өзүнө тааныш адамдардын арасында да кысынып отурган адамды уялчаак адам десек болот.ө

 

 

 

Уялчаактыктын жакшы жактары

 

Чөйрөсүн кылдаттык менен тандайт.

 

Уялчаак адамдар ишеничтүү дос боло алышат, эч качан досун уят кылбайт, сатып кетпейт. Анткени алар ак көңүл келишип, агрессивдүү боло беришпейт.

 

Чыр-чатактан алыс болушат. Муну менен айланасындагылардын сыйына ээ болушат.

 

Уялчаактык сапаты өзгөчөлүгү катары эсептелген адам мыкты мугалим боло алат. Анткени ал бардык балдарды түшүнөт жана колдойт. Ошондой эле техника менен байланышкан бардык тармактардын жакшы адиси боло алат. Анткени бул тармактар кылдат көңүл бурууну, этиеттикти талап кылат. Бул нерсе уялчаак адамдарда бар.

 

Өзүн-өзү сындай алышат. Башкалар карап жатат дегенсип уяла бергендиктен сырткы көрүнүшүнө сын көз караш менен карап, кам көрө алышат. Психологдордун айтымында, уялчаак адамдар өзүнө чексиз ишенгендерге, коммуникабелдүү адамдарга караганда жагымдуу көрүнүшөт.

 

 

 

Уялчаактык кандай маселелерди жаратат?

 

— Уялчаак адам адамдар менен тил табыша албагандыктан жумуш табууда кыйналат.

 

— Иш-чараларда элдин көңүл борборунан алыс болууга аракеттенип четке качышат. Кокусунан бир-эки киши карап койсо, өзүнчө эле уялып, кызара берет. Мындан жүрөктүн согушу, дем алуусу бузулат.

 

— Көпчүлүк уялчаак адамдар бат таасирленгендиктен бир эле жолу уят болуп калса, көпкө чейин унутпайт. Бул уялчаактык сапатынын курчушуна алып келет.

 

— Жеке жашоосун оңой менен түзө албайт. Анткени бат чечим кабыл алышпагандыктан түгөйүн тандоо көп убакытты талап кылат.

 

— Адамдар менен пикир алышуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болбогондуктан достору да аз болот.

 

 

 

Уялчаактык менен кантип күрөшүүгө болот?

 

Алгач кайсы абалдарда уяла турганыңызды аныктап алыңыз. Андан соң ошол убакта терең дем алып, өзүңүздү бир калыпта кармаганга аракет кылыңыз. Мында дем алуу көнүгүүлөрү же медитация жардамга келет. Ар бир уялган сайын өзүңүздү эркин сезсеңиз, кызарып, стресс болбойсуз.

 

Өзүңүздү баалай билиңиз. Көпчүлүк адамдар өздөрүн башкалар менен көп салыштырышат. Натыйжада бир жери башкалардыкынан кем болуп калса, өздөрүн ылдый сезишет. Айрыкча кыздар сырткы келбети боюнча өзүн башкалардан төмөн баалашат. Бул адаттан арылсаңыз гана уялчаактыгыңыз жоголот. Же болбосо табити жакшы жакын адамыңыз менен кийимди чогуу тандаңыз. Жарашыктуу кийим да өзүңүздү ишенимдүү алып жүрүүгө жардам берет.

 

Көпчүлүктүн арасында өз оюңузду тартынбай айтып, сөз болуп жаткан тема тууралуу жакшы билбесеңиз деле аралашып, суроолорду берип пикир алышууга үйрөнүңүз. Бирок башкалардын сөзүн бузбаңыз.

 

Көргөн тасмаңыздагы ишенимдүү, ийгиликтүү адамдын ролун ойноңуз. Тагыраагы, ошол каармандын тасмадагы баскан-турганын, сүйлөгөнүн, жадагалса үнүн туураңыз. Сизди камерага тартып жаткандай элестетиңиз. Муну менен уялчаактыгыңыздан арылып эле тим болбой, маанайыңыз да көтөрүлөт.

 

 

 

Уялчааксызбы?

 

Канчалык деңгээлде уялчаактыгыңызды билүү үчүн төмөндө берилген А жана Б блоктогу суроолорго “ооба” же “жок” деп жооп бериңиз.

 

А

 

1. Эгер кайсы бир кечеде менин көйнөгүм башкалардан өзгөчөлөнүп турса, өзүмдү ыңгайсыз сезем.

 

2. Менин күндөлүгүмдү же жеке каттарымды бирөө окуса мага жагымсыз болот.

 

3. Бирөөнү кечки тамакка чакырганда баш тартып коёбу деп корко берем.

 

4. Мага тааныш эмес кызыктуу оюнга мени чакырышса баш тартам.

 

5. Чогулушка кечиксем, кабинетке кирүүдөн тартынам. Анткени баары мени карап калат.

 

6. Көпчүлүктүн алдында текст окуп жатканда аябай жакшы даярдансам да кагаздан көзүмдү ала албай кыйналам.

 

7. Көнүгүү залында машыгып жатканда, бийлеп жатканда элден уялып четте тура берем.

 

8. Анекдот же күлкүлүү окуяларды айтуудан качам. Мени жакшы укпай коюшат, күлбөй коюшат деп ойлоном.

 

Б

 

9. Бирөөгө жиним келсе дароо билдирем.

 

10. Коомдук жайларда жаңы кийим менен жүрүүдөн ырахат алам.

 

11. Жарыштарга оңой менен катышпайм.

 

12. Эгер бирөөнүн сөзү мага түшүнүксүз болсо, кайра суроодон тартынбайм.

 

13. Көлдүн жээгинде купальникчен жүрүүдөн уялбайм.

 

14. Бийде же спорт залында машыгып жатып машыктыруучу көнүгүүнү көрсөтүү үчүн дайым мени тандайт деп үмүт кылам.

 

15. Менин кылган жумушум боюнча башкалардын оюн сөзсүз угам.

 

16. Мени бирөө тамашаласа, таарынбай, башкалар менен бирдей каткырып күлөм.

 

Эми А блокто канча суроого “ооба” деп, Б блокто канча суроого “жок” деген жооп бергениңизди эсептеңиз. Анан экөөнү кошуңуз.

 

Жыйынтык:

 

0дөн 2ге чейин: Башкалардын сиз тууралуу ою сизди такыр кызыктырбайт. Аларга муздак жана кайдыгер мамиле кыласыз. Кыскасы, “эл эмне дейт?” деген сиз үчүн эмес.

 

3төн 6га чейин: Жашоодо жеке жолуңуз менен жүрөсүз. Бирок башкалардын да оюн эске аласыз.

 

7ден 9га чейин: Уялчаактык – сиздин мүнөзүңүздүн бири. Бирок аны менен ийгиликтүү күрөшө аласыз.

 

10дон 13кө чейин: Башкалардын ою сиз үчүн маанилүү. Мындай көз карандылык кээде жагымсыздыктардын себеби болот.

 

14төн 16га чейин: Сиз абдан уялчааксыз. Башкалардын сиздин келбетиңизге, акылыңызга карата айтылган оюна абдан көп көңүл бурасыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️