СИЗ КАРЫГАНДА ӨКҮНҮП КАЛА ТУРГАН ЧЕЧИМДЕР…

https://kyrgyzcha.site/?p=65420&preview=true Пайдалуу кеңештер.

СИЗ КАРЫГАНДА ӨКҮНҮП КАЛА ТУРГАН ЧЕЧИМДЕР

 

Карылык сизге келе электе, туура чечимдерди кабыл алыңыз.

 

Эртеби, кечпи ал келет. Карылык. Сиз муну жокко чыгара албайсыз. Эч кимдин күчү жетпейт. Бирок азыртан сиз, ал келгенде, кийин өкүнүп калбагыдай кылсаңыз болот.

 

Пример HTML-страницы

 

Болбосо сиз сөзсүз түрдө төмөндөгү нерселерге өкүнүп калышыңыз мүмкүн….

 

 

…сыналгынын алдында кетирген көп убактыныз үчүн, бүтпөгөн сериалдарды, берүүлөрдү көргөнүңүзгө;

 

…социалдык тармактагы жашоону башкы орунга койгонуңузга, өзүңүз жана сиздин тааныштарыңыз жөнүндөгү калп элестерге баш отуңуз менен берилгениңизге;

 

…өзүңүздүн көнүмүш адаттарыңызга сизди башкартып, дени сак жашоого умтулбаганыңызга;

 

…өз жашооңузда шашып, жаныңыз тынбай өмүр сүрүп, бул жашоонун чыныгы сулуулугуна суктанбаганыңызга жана ырахаттанбаганыңызга;

 

 

 

…көптөгөн маанилүү иштерге жана түйшүктөргө шылтап, күндүн чыкканын тосуп жана анын батканын көрбөгөнүңүзгө;

 

…өтө олуттуу, эркиндиги жок, коркок болгонуңузга, жалпыга белгилүү болгон коомдогу «туура жүргөн», «татыктуу», «ийгиликтүү» деген нормаларга ылайык келгениңизге;

 

…өтө бат чоңоюп, кээ бирде озүңүздүн балалык сезимдериңизге тыюу салганыңызга;

 

…аз жана жакшы достошпогонуңузга, өзүңүздүн досторуңузду барктабай жана алар менен аз убакыт өткөргөнуңүзгө;

 

 

 

…өтө таарынчак, кекчил,шектенген жана каардуу болгонуңузга;

 

…өз үй-бүлөңүз, балдарыңыз, туугандарыңыз менен жакшы катышпай, урушуп жана аларга таарынганыңызга. Алар сизге кандай кымбат экенин айтпаганыңызга;

 

…аз күлүп, аз кубанып, аз көңүл ачканыңызга;

 

…башка адамдардын кылган иштерин, сөздөрүн өтө жаман кабыл алганыңызга;

 

 

 

…өз талантыңызды өркүндөтпөй, жаштыгыңыздагы кызыгууларыңызды, тилектериңизди унуткарып койгонуңузга;

 

…аз саякаттап, бул дүйнөнү жакшы тааныганга аракет кылбаганыңызга;

 

…өтө көп коркконуңузга;

 

…күмөн санап, өзүңүздү баалабай, көп нерсеге чечкиндүү болбогонуңузга;

 

 

…бул жашоого, ар кандай шарттарга туруштук бере албаганыңызга. Күрөшпөй, кол куушуруп койгонуңузга. Унчукпай, кетип калганыңызга;

 

…көп күчүңүздү, ден-соолугуңузду жана жашооңуздун маани-маңызын ар кандай саркеч гаджет же башка материалдык нерселерге коротконуңузга;

 

…эң негизгини айтпаганыңызга.

 

Карылык сизге келе электе, туура чечимдерди кабыл алгыла.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️