Сарамжалдуу кожейкелерге жакшылардан 10 кеңеш

https://kyrgyzcha.site/?p=52323&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Сарамжалдуу кожейкелерге жакшылардан 10 кеңеш:

 

1. Чай чамасын гүлдүн идишине салып койсо, андагы топурактын ноымдуулугу көпкө сакталат. Ошондой эле ал семирткич катары өбөлгө түзөт.

 

2. Чайдын чамасын кургатып коюп, мешке от жагуу үчүн ичеги катары колдонсо да болот.

 

3. Кургатылган чаманы көмүргө аралаштырып жакса, анын табы көпкө сакталат.

 

4. Ар кандай айнек идиштер, күзгүлөр, терезелер кирдеп калган учурда чайдын чамасы чыланган суу менен сүртсө тез тазарып, туптунук болуп калат.

 

5. Кургатылган чайдын чамасын дааратканаларга төгүп, от коюп жиберсе, ар кандай жаман жыттар тез кетет.

 

6. Жыттанып калган идиш-аяктарды азыраак чайдын чамасы салынган сууда он мүнөт кайнатса, жыты кетет.

 

7. Кургатылган чайдын чамасын жаздыкка салып койсо, жаздыктар жыттанбайт жана жагымдуу жыт да пайда болот.

 

8. Үй ичинде кургатылган чайдын чамасын түтөтүп койсо, үйгө чиркей, чымын жолобойт. Түрдүү майда микробдор өлүп жок болот.

 

9. Сарымсак, пияз жегенден кийин ооз жыттанып калса, кургак чайды чайнаган пайдалуу.

 

10. Чайдын чамасы менен кирдеген идиш аяктарды, казанды, жыгач отургучтарды жууса, өңүнө чыгара жылтыратат.

 

Ден соолукта болуңуз, оорубаңыз ?

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️