Салмактан бат арылуунун жолу

https://kyrgyzcha.site/?p=44426&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Салмактан бат арылуунун жолу

Үч натыйжалуу жол менен сиздер менен бөлүшөбүз. Курсактын ашыкча салмагынан арылуу үчүн эң негизгиси сиздин каалооңуз болуш керек. Албетте бардыгы келип эле туура тамактануу, көп суу ичүү жана кыймылсыз отуруу аракеттеринен башталат.

 

Туура тамактануу

 

Бардык эле адам дайыма ачка жүрө албайт. Ошон үчүн диетада аз-аздан, бирок бат-баттан тамактанып туруу керек. Мисалы, тамактын рационуна сүт, каймак, быштак, айрандарды кошконуңуз жакшы. Буга карай балык, тоок жана деңиз тамак-аштарында белоктор көп болот. Ал эми жашылчаларды каалашыңызча жесеңиз болот. Тамактануу күнүнө үч маал болуш керек. Негизгиси тамак жеген учурда сиз эч нерсени ойлонбой жегениңиз жакшы.

Көнүгүү жасоо жолу

 

Кыймылды аз жасаган адамдар көбүнчө отуруп эле семире беришет. Анткени алардын денесинде физикалык аракет жок. Ал эми адам баласынын ичегисине канчалык тамак-аш кирген сайын, кыймылсыздыктан улам сиңбей жоон ичегилери чоңоё берет экен.

 

Спорт менен активдүү машыккандардыкы болсо денеси тартылышып, анда зат алмашуу жакшы жүрөт.

 

Алгачкы этапта ичиңизге жок дегенде күнүнө эки ирет жыйырма жолудан көнүгүү жасаңыз. Экинчи этапта күндөн-күнгө көнүгүүнү көбөйтүңүз. Үчүнчү этапта болсо, ичиңиз ооруп калгыча жасай бериңиз.

 

Алдыга карай умтулуу

 

Албетте бул жумушту жасоодо сизге оңойго турбайт. Бирок, ага карабай сиз бир гана алдыга умтулуңуз. Башкы эки-үч жума кыйын болот. Бул жумуш сизге гана керек. Анткени ал сиздин гана ичиңиз, сиздин гана ден-соолугуңуз.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️