РУЛЕТ ЖУМУРТКАДАН

https://kyrgyzcha.site/?p=51860&preview=true Пайдалуу кеңештер.

РУЛЕТ ЖУМУРТКАДАН

 

Керектелүүчү азыктар:

Жумуртка – 6 даана

Шпинат – 1 боо

Жумуртка – 3 даана

Сыр – 100 грамм

Сарымсак – 2 тишче

Быштак – 100 грамм

Каймак – 2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 50 грамм

Туз, кара мурч – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Шпинат, сарымсакты жууп-тазалап, майда туурайбыз. Буга быштак менен каймакты кошуп аралаштырабыз.

2. Жумуртканы чагып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аябай аралаштырабыз. Татымына жараша туз, мурч кошобуз.

3. Көмөч казанга майдан куюп, ысыган кезде жумуртка менен сырдын аралашмасын куймактай кылып тегиз куюп бышырып алабыз.

4. Куймактын бетине шпинат, сарымсак, быштак жана каймак аралашмасын тегиз салып, оройбуз. Дасторконго койгонго чейин 1 сааттай муздаткычка салып коюңуз. Рулетибиз даяр!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️