Сиз маани бербей жасаган майда-барат нерселер ден соолугубузду аздан бузуп отурат. Ошондуктан качан гана ооруп, төшөктөн тура албай калганда ооруканага барбастан, азыртадан алдын алып, ден соолугуңузга кам көрүңүз.
Жылмаюу — ооруган жерди басуучу касиетке ээ. Андыктан күнүгө жөн да болсо күлүп, дайыма позитивдүү жүрүңүз.
Спорт менен дос болуп, жумасына бир нече жолу спорт залга барып турууга убактыңыз болбосо, үйүңүздөн эле күнүгө 15 мүнөтүңүздү көнүгүүлөрдү жасоого жумшаңыз. Буга да такыр эле убактыңыз жок болсо, жумушуңузга чейин жөө басып же көп кабаттуу имараттарга лифттин жардамысыз чыгыңыз. Дайыма кыймылда болуп, ашыкча май топтогондон сактаныңыз.
Жумасына жок дегенде бир жолу балыктан даярдалган тамактарды жеп, жүрөк жана мээнин жакшы иштешине шарт түзүп бериңиз. Бул максатта лосось, сёмга, форель сыяктуу кызыл балыктарды тандаганыңыз дурус.
Кызыл шарапты бир айда бир жолу ичип коюу жүрөктүн булчуңдарын чыңдайт. Ошондой эле анын жардамы менен гемоглобинди көтөрүп аз кандуулуктун алдын алса болот.
Бир жумада үч жолу аспирин дарысынын төрттөн бир бөлүгүн ичип турсаңыз, бир нече жылдан кийин байкалуучу инсульт жана инфаркт ооруларынын алдын алган болосуз.
Эртең менен жок дегенде бир чыны чай менен бир кесим нан жеп кетишиңиз керек. Эртең мененки тамакты калтыруу ошол күнкү эс тутумуңузга, бир нерсени кабыл алууңузга терс таасирин тийгизет.
Бардык азык-түлүктөрүңүздү акырындык менен бузулуусу үчүн муздаткычта кармаңыз. Мөөнөтү өткөндөр болсо колдонуп албоо үчүн сорттоп ыргытып туруңуз.
Эгерде сиз дайыма олтуруп иштөөчү жумушта иштесеңиз, анда саат сайын үч мүнөтүңүздү көнүгүү жасоого жумшап туруңуз.
Чылым чегүүдөн баш тартыңыз. Муну менен сиз акчаңызды гана үнөмдөбөстөн, өпкөңүздүн бузулуусун, кан айлануу системасынын начарлоосун, инфаркт, инсульт, иммунитеттин түшүүсүн, мезгилсиз картаюунун алдын аласыз.
Алкоголдук ичимдиктерди көп колдонуу жүрөк жана кан тамыр, заара бөлүп чыгаруу, ичеги-карын ооруларына алып келип, мээге терс таасирин тийгизет.
Эгерде кимдир бирөөгө ачууңуз келсе, аны ичиңизге катып жүрө бербей болушунча сыртка чыгарып, айтып алганыңыз оң. Ал кырдаалды ойлоп кайгырып же кыжырыңыз кайнап отуруу тез картайышыңызга алып келет.
Бүкүрөйбөй, арка, бел, моюнуңузду түптүз алып басыңыз. Көптөгөн оорулар арткы омурткалардагы көйгөйлөрдөн келип чыгат.
Күнүнө 1.5-2 литр суу ичишиңиз керек экенин жакшы билсеңиз керек.
Үй-бүлөлүү адамдар жалгыз бой адамдарга караганда 5-7 жыл көп жашарын адистер далилдешкен. Андыктан жалгыз жашоого да болбойт.
Күнүгө түнкү уйкуга сегиз сааттык убакыт бөлүп, бир убакытта жатып, бир убакытта турганга үйрөнүңүз. Уйку гана сиздин физикалык күчүңүздү калыбына келтирип, мээңизди эс алдырып, маанайыңыздын көтөрүңкү болуусуна жакшы жардам берет. Иммунитетиңизге да уйкунун чоң таасири бар экендигин унутпаңыз.
Дайыма маанайыңыз чөгүп, депрессияда болуп жүрүү, башкача айтканда, пессимист болсоңуз, өзүңүзгө бир ооруну пайда кылып жатканыңызды эске алыңыз. Көп оорулар депрессиянын артынан пайда болот.
Оор жүктөрдү көтөрүү менен арка омурткаларыңыздын ортосундагы диск жана муундарга басым жасап жатасыз. Ошондуктан чоң адамга 15 килограммдан ашык жүк көтөрүүгө болбойт.
Кандай гана спорттун түрү болбосун, үзгүлтүксүз жана туура, 150 мүнөттүк машыгуу сиздин өмүрүңүздү беш жылга узартат. Спортту таштап салуу дагы ошончолук терс таасирин тийгизет.
Ысык ванна дене-мүчөңүздү эле эмес, жан дүйнөңүздү кошо эс алдырып, териңизди жумшартып, сергитет. Кээ бир кошулмалары бар ванна суусу арыктаганга жардам берет.
Кучакташуу, өбүшүү дагы өмүрдү узартарын айтып келишет. Жакын адамыңызды бир күндө аз дегенде сегиз жолу кучактап өөп, сүйүүңүздү билдирип туруңуз.
Күнүгө эртең менен бир чай кашык бал жеп туруу менен ооруларды алдын аласыз, иммунитетти көтөрөсүз. Эгерде балдын өзүн эле жебейм десеңиз, жер жаңгак кошуп жеңиз.
Температурасы 17-18 градус болгон бөлмөдө жатуу менен жаштыгыңызды сактап узартасыз.
Телефон аркылуу 3-4 мүнөттөн ашык сүйлөшпөө керек. Себеби көп сүйлөшүү баш менен көздүн оорусуна, начарлоосуна алып келет. Дайыма бир кулак менен телефондо сүйлөшүү да кулактын оорусун пайда кылат.
Уюлдук телефонду үч жылда бир жолу алмаштырып туруу керек. Себеби улам жаңы чыккан аппараттын зыяны азыраак болот.
Уктаар алдында телефонуңузду өчүрүп, заряд алып жаткан учурда жарым метр алыстыкта туруусу абзел.