ӨЗҮҢҮЗДҮ ЖАКШЫ ЖАКТАН БЛОККО САЛБАҢЫЗ!

https://kyrgyzcha.site/?p=42090&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ӨЗҮҢҮЗДҮ ЖАКШЫ ЖАКТАН БЛОККО САЛБАҢЫЗ!

 

?️ Блок — бул экинчи көрбөө үчүн култап салуу.

 

Эмне үчүн блоктойсуз?

 

▪️ ал адам алдыңыздан чыкпоо үчүн,

▪️кандайдыр бир кемчиликтери жакпаган үчүн,

▪️унутуу үчүн,

▪️жан дүйнөңүздөн ал адамга орун берүүнү каалабаганыңыз үчүн.

 

Албетте башканы блоктоо бул сиздин эркиңиз, каалооңуз.

 

?️ Мен айткым келген ой өзүңүздү блоктобоңуз!

 

Кандайча биз өзүбүздү блоктоп коёбуз?

 

Байкап көрдүңүз беле?…

▪️айткым келген сөздү айта албай койдум,

▪️ аткара турган ишимди аткара албай койдум,

▪️бергим келген белегимди бере албай койдум,

▪️кабар алайын деп кабар ала албай койдум,

 

▪️чалайын деп чала албай койдум,

▪️жазайын деп жаза албай койдум,

▪️жакшы мамиле жасайм деп жасай албай койдум,

▪️кечирим сурайм деп сурай албай койдум,

 

▪️жардам берейин деп жардам бербей койдум,

▪️билим алам деп албай койдум,

▪️сырдашам деп ачык айта албай койдум,

▪️кеңеш сурайм деп тартындым,

 

▪️кубанычым менен бөлүшкүм келди бирок ыңгайсыз болдум,

▪️ыйлап алгым келди бирок уялдым,

▪️ыр саптарды жазгым келди бирок жазбай койдум,

▪️сезимдеримди ачык айткым келди бирок тартындым.

 

Эмне үчүн?

 

?️ Анткени сиз ички үнүңүздү укпастан өзүңүздү

▪️ блок кылып, култап салганыңыз үчүн.

▪️ Жүрөгүңүз жакшыны каалап турат, бирок өзүңүзгө тыю салып жатасыз.

 

▪️Жан дүйнөңүз өз ишин аткаруусуна уруксат бербей жатасыз.

▪️Сиз өзүңүздүн ички дүйнөңүздү көргүңүз келбейт.

 

▪️Өзүңүз менен жолугушуудан качасыз.

▪️Сизди кыйнаган ойлорду унутууну каалайсыз бирок өзүңүздү блоктоп койгонуңуз үчүн кемчиликтериңизди көргүңүз келбейт.

 

▪️Жан дүйнөңүз ордун таппай кыйналат бирок азык алуу үчүн аракет кылбайсыз.

▪️»Мага болот берет, пешенеме жазганды көрөм, мага баары бир» деген абалга түшүп каласыз.

 

Өзүңүздү блокко сала берсеңиз…

 

▪️тартынчаактыкты жеңе албайсыз,

▪️талантыңызды өстүрө албайсыз,

▪️каталарыңызды көрбөйсүз,

▪️күчтүү жактарыңыз алсырайт,

▪️өзүңүздү жакшы тааныбайсыз,

▪️жан дүйнөңүзгө азык ала албайсыз,

▪️баалуу сапаттарыңызды басынтып саласыз.

 

?️ Өсүүнү кааласаңыз өзүңүздү блокко салбастан, өз жүзүңүз менен жолугушууга барыңыз. Өз чындыгыңыздан качпаңыз. Бетме-бет тиктешиңиз.

 

Адамдарды жакындан таануу үчүн өзүңүздү блоктон чыгарып, жүрөгүңүз каалаган мамилени жасаңыз. Канчалык өзүңүзгө чынчыл болсоңуз ошончолук адамдардын чыныгы жүзүн тааный баштайсыз.

 

Кимге…

▪️жакшы сөз айтуу керек же айтпоо керек,

▪️кандай учурда башкалардын кыжырына тийип аласыз,

▪️кандай учурда кайсы сөздү сүйлөө керек,

▪️кимге мактоо жарашат же жарашпайт,

 

▪️кандай адамды сүйүү керек же сүйбөө керек,

▪️кандай адамга ишенүү керек же ишенбөө керек,

▪️кандай адамга жардам берүү керек же бербөө керек,

▪️кандай адамга сырыңды айтуу керек же айтпоо керек ж.б.у.с

 

?️ Бунун баарын сиз өзүңүздү блоктон чыгарганда гана үйрөнө баштайсыз. Өзүбүздүн каталарыбызды оңдоп, күчтүү жактарыбызды бекемдөө үчүн өзүңүздөн качып, култап салбаңыз.

 

Жан дүйнөңүзгө эркиндикти сезүүгө жардам бериңиз. Кысымга ала бербеңиз. Кысым болгон жерде өсүү, өзүн таануу, өзүн табуу болбойт. Ошол үчүн өзүңүздү жакшы жактан блоктобоңуз!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️