Пример HTML-страницы

Оштогу милиция кызматкерлери карыяларды куттукташты

Акыркы жанылыктар

Turmush1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ички иштер органдарынын ардагерлерине арналган майрамдык иш-чара уюштурду.

Аталган иш-чарага Өзгөн РИИБдин жетекчилиги жана өздүк курам катышып, ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлер чакырылды. Ардагерлерге концерт уюштурулуп жана сый-тамак тартууланды. Мындан тышкары ар бирине акчалай белек тапшырылды.

Ал эми ардагерлер кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен маек куруп, кеңеш беришти. Ден соолугуна байланыштуу келе албай калган ардагерлердин үйүнө барып, кабар алып, материалдык жардам жана азык-түлүктөр берилди.

Ошондой эле Кара-Суу жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ички иштер органдарынын ардагерлерине жана айылдагы улгайган адамдарга майрамдык иш-чара уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE