Пример HTML-страницы

Ошто тургундардын унаасын алдап алып, сатып жиберген шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жаш жигит алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 25 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 30-апрель күнү өзүнө таандык болгон «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү унаасын А. аттуу жигит алдоо жолу менен алып, сатып жиберген. Мындан сырткары шаардык милицияга эки тургун кайрылган. Алар унааларын А. аттуу жигит ижарага алганын айтышкан. Жабырлануучулардын айтымында, шектүү бир унааны сатып, экинчи унаа менен жол кырсыгына кабылган. Андан кийин аны да сатып жиберген.

Бул факттар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) белгилери менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Ош облусунун 2004-жылы туулган тургуну Б.А. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экени текшерилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE